Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

25-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кокон хандыгындагы саясий абал туурасындагы 1861-жылкы билдирүүдө, Кокон ханы Алымбек датканы өлүм жазасына тарткандыгы кабарланат. Ош уездине караштуу Үч коргон айлынын тургундары 1916-жылдын бу күнү байлардын дүкөндөрүн талап-тоношуп, башаламандык башталган.

Кокон хандыгындагы саясий абал туурасындагы Сибирь корпусунун командиринин билдирүүсүн, генерал-адъютант Д. А. Милютин падышага 1861-жылдын 25-июлунда кабарланды деген резолюцияга кол койгон.

Билдирүүдө Кокон ханы Алымбек датканы Узун агач салгылашуусунда согуш талаасынан качкандыгын айыптап, аны өлүм жазасына тарткандыгы кабарланат. Алымбек датка хандын өкүмүнө каршы чыгып, кыргыз туугандарына качкандыгы жана ага кыргыздардын сол канат уруулары менен бирге, сарыбагыштардын манабы Үмөтаалы, Төрөгелди, Адилдер кошулганы айтылат.

1874-жылдын июль айында Кокон хандыгына каршы Чаткалда башталган кыргыздардын көтөрүлүшү хандыкты сестентпей койгон эмес. Худаяр хан Момун Шамурзаковдун чаткалдык кыргыздарды топтоп кубаттуу күчкө айлангандыгынан кооптонуп, ушул жылдын 25-июлунда Түркстан генерал-губернатордугуна кайрылган. Кудаярдын карйылуусунда чаткалдык кыргыздардын көтөрүлүшү хандык жана аймак бейпилдиги үчүн зыян алып келээри айтылып, ал орус бийлигинен кыргыздарга каршы согушта жардам берүүсүн өтүнөт.

Падышалык бийликтин аскерге чакыруу саясатына каршы козголгон Ош уездине караштуу Үч коргон айлынын тургундары 1916-жылдын бу күнү байлардын дүкөндөрүн талап-тоношуп, башаламандык башталган. Коогалаңды басыш үчүн Оштон чакырылган жазалоочу аскер менен кагылышта үч адам курман болуп, 15 киши камакка алынган.

1916-жылкы падышалык бийликтин аскерге алуу жардыгы өзгөндүк калктын кескин нааразычылыгын жараткан. 25-июлда адамдар колдоруна кетмен, күрөк алышып, бийликтен аскерге чакырылгандардын тизмесин берүүнү талап кылышкан. Коогалаң чыккан жерге келген 15 полицай менен жазалоочу отряд аларга каршы курал колдонуп, ачык каршылашууга даабай, волосттук башчынын кеңсесине бекинүүгө мажбур болушкан.

2002-жылдын бу күнү «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары туурасында» мыйзамы кабыл алынган.

Бу күнү, 1814-жылы ойлоп табуучу Жорж Стивенс биринчи паровозду көрсөтүп, 1992-жылы грузин-абхаз чатагы башталып, 1929-жылы жазуучу, кинорежиссер, актер Василий Шукшин жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG