Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

БАЛКАН: ТЫНЧТЫК АРАЧЫЛАРЫ КАРАЖИЧ ТУУРАЛУУ


Босниялык сербдердин жашырынып жүргөн жол башчысы Радован Каражичтин колго түшүшү дүйнөдө кеңири талкууга алынууда. Гаагадагы мурдагы Югославия боюнча согуштук трибунал издөө салган Каражич согуш мезгилинде Британиянын мурдагы тышкы иштер катчысы Давид Оуэн жана Норвегиялык арачы Торвалд Штолтенберг менен тааныш болгон. "Азаттыктын" алар менен маегин Жаңыл Жусубжан обого даярдады.

"Азаттык": Лорд Оуэн, сиз Каражичтин кармалганын биринчи укканда кандай сезимде болдуңуз?

Оуэн :- Сербиянын президенти Тадич өтө маанилүү жеңишке жетишти деген сезимде болдум. Эми Каражичтин кол башчысы генерал Младичке кезек келет деп үмүттөнөм.

"Азаттык":-Сиз 1993-1995-жылдары Европа Биримдигинин мурдагы Югославия боюнча конференциясын жетектеп турганда, Каражич менен көп жолуккан элеңиз. Ага сиздин жеке мамилеңиз кандай болгон?

Оуэн :- Биз экөөбүз тең доктурбуз. Дарыгер катары мен анын улуттук тазалоо, барымтага алуу жана адам укуктарын тебелөө жаатында кылгандарын кабылдай албайм. Менимче 8 миң мусулман эркек кырылган Сребреница акыры геноцид деп табылат.

"Азаттык":- Сиз Югославия боюнча Гаага трибуналын ачыш керек дегениңизди укканда Каражичтин реакциясы кандай болду эле? Кабыл алган жок беле?

Оуэн:- Жок, Милошевич болобу, башкасыбы, сербдердин бири да согуш кылмыштары боюнча трибуналга олуттуу мамиледе болгон эмес. Алар эч качан мунапыс сураган эмес. Алар жеңип чыгабыз деп ишенген, ошондуктан сүйлөшүүгө катышууга ниетин билдирген эмес, камакка алуу буйругунун коркунучу аларга тиешеси жоктой жүрүшкөн.

"Азаттык":- Каражич бул согуштан эмнени күткөн?

Оуэн:- Ал бир жолу "мен Оуэнге 'бизди ит менен мышыктай бир капка салбасын, сербдер мусулман, хорваттар менен чогуу жашай албайт' деп айттым", - деген. Ал улуттардын бөлүнүшүн каалган, Босния-Герцеговинадан Серб Республикасын бөлүп алып, көз карандысыз мамлекет кылгысы келген.

"Азаттык":- Штолтенберг мырза, сиз Бириккен Улуттардын Балкандагы атайын арачысы болуп турганда, Каражичтен кандай таасирде болдуңуз эле?

Штолтенберг:- Каражич, өзүңөр билгендей, узун бойлуу, чачтары кою киши. Анын бар экенин сезип турчусуң. Бирок ошол эле мезгилде ал өтө туталанма болчу, тырмактарын кемирчү. Аны менен сүйлөшүш кыйын эле. Бүгүн бир нерсеге макулдашсак, эртеси ою өзгөрүп калчу.

"Азаттык":- Сиз "Каражич сыяктуу адамдар өз кылгандарын туура деп ишенет" деген элеңиз...

Штолтенберг:- Милошевич, Каражич, Пиночет сыяктуу адамдар "иш үчүн күрөшүп атабыз" деп ишенип алышат. "Биз туура жолдо баратабыз деп" кур дегенде өздөрүн ишендиргенге акылы жетет. Алар ким согушта жеңсе, Гаагада, Европа Союзунда башка кишилер келет деп ойлошкон да.

"Азаттык":- Каражич студент кезинде Данияда окуган экен, демократияны, теңдикти туу тутчу экен, анан Сараево, Сребреница тууралуу айтсаңыз эмне дечү эле?

Штолтенберг:- "Сребреница болгон эмес" деп айтчу. Ал кыргынды болгонун моюндаган эмес. Ал эми Сараевонун бомбаланышын ал "бул керек" деп өзүн да, башкаларды да ишендирип алган. Бирок алар мындай нерсе босниялыктарга караганда, сербдерге көбүрөөк кесепет алып келээрин билген деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG