Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Ушул апта башында босниялык сербдердин согуш учурундагы жолбашчысы, он үч жыл бою качып жүргөн Радован Каражич камалган учурда Белградда ашынган улутчулдардын бир нече жүзү гана нааразылык билдирип чыгышты. Бир кездеги эң улутчул саясатчынын камалышына карата мындай үстүрт мамиле Сербияда улутчулдук басаңдай баштаганынын белгисиби?. Мына ушул маселенин айланасында "Азаттык жана Эркин Европа" үналгысынын Белграддагы бюросунун кабарчысы, кесиптешибиз Бранка Тривич ой бөлүшөт.

"Азаттык":- Радован Каражичтин камалышынан соң серб улутчулдары эмне үчүн анчалык чуу көтөрүшкөн жок?

Бранка Тривич:- Бул Сербиянын ашынган улутчулдук долбоору акыр аягында кыйраганын каңкуулап жаткандай. Баары эмне үчүн деп ойлойт? Мунун себеби көбүнесе серб калкы токсонунчу жылдардан кийинки акыркы он жылдыктарда толугу менен изоляцияда, кемсинтинтүүдө, жакырчылыкта жашаганында болсо керек. Акырындык менен алар улутчулдук жана жакырчылык эч муратка жеткирбесин түшүнүштү.

Атүгүл соңку президенттик жана парламенттик шайлоодо ашынган улутчул Радикалдык партиянын лидери Томислав Николичти колдогондор буга Николич экономикалык жана социалдык жыргалчылык тууралуу жомок айтканынан улам барышты. Жогору жана жакшыраак маяна, коррупцияга каршы күрөш, социалдык адилеттүлүүлүк жана башка ушул сыяктуу нерселерди. Ал турмак Николич да шайлоодо көбүрөөк добуш алыш үчүн Сербиянын чек араларын өзгөртүү, Хорватияга өтүп кеткен аскерий обьектилердин баарын кайтарып алуу, мурдагы Югославиянын этникалык сербдер жашаган аймактарынын баарын Сербияга кошуу өңдүү эски улутчул идеяларга караганда социалдык демократия жакшыраак иштээрин түшүндү. Бул шайлоо өнөктүгүндө ал атүгүл Косово обонун да ойногон жок.

"Азаттык":- Демек сербдер тескерисинче Батышка ыктап, европалык иденттүүлүктү издеп жатат деп айтууга болобу?

Бранка Тривич: Сербиянын демократияны, Евробиримдикти көздөй көчүүсү жеңил жараян эмес, бирок жасалган кадамдардын эң оорлору артта калды. Мурдагы социалисттик ишканалардын, банктардын банкротко учуроосуна байланыштуу иштен жапырт бошотуулар жана башкалар орун алды. Сербия мунун баарын басып өттү. Ушул нерсе алдыда социалдык–экономикалык көйгөйлөр чыккан учурда да, алар чыгары айныксыз, социалдык мүнөздөгү массалык нааразылыктар болбойт деп күтүүгө негиз берүүдө.

Келишкис партиялар ар бир кризисте өз көмөчүнө күл тартуу үчүн болушунча аракеттенет, бирок жапырт колдоо табары күмөндүү. Демек, акырында Сербиянын калкы алар буга чейин байкап көрө элек жалгыз экспериментке - күчүн Европа менен бириктирүүгө ишеним артчудай. Бул бизге тынчтык жана стабилдүүлүк, жашоонун нормалдуу жана дурусураак стандарттарын алып келет. Бул - жакында кызматка киришкен еврошаркетчил өкмөт аткара турган маселе, бирок Евробиримдиктин өзү да кайрадан капаланбай, ирээнжибей жана кайдыгерликти көргөзбөй турганын кепилдөөсү керек.

"Азаттык":- Биз эми Сербияда улутчулдук кайра күчөбөйт деп ишене алабызбы?

Бранка Тривич:- Косово көз карандысыздыгын жарыялаганда жапырт каршылык көргөзүү болбогону, мен үчүн, Сербиядагы улутчул кыймылдын күч-кубаты кеткенин далили. Ооба, биз Белграддын көчөлөрүнөн кээ бир окуяларды, Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтерине каршы толкундоолорду көрдүк. Бирок бул бир нече жүз хулигандын гана чыгарганы эле. Саналуу күндөн кийин эле баары тынчып калды. Мен Косово Сербия үчүн өтө оор, сезимтал маселе болгонун жана биз эч кандай массалык нааразылыкты көрбөгөнүбүздү эске алып жатам.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG