Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17
Ушу кезде “Улутту ким сактайт?” деген суроо менен баш катыргандар толтура. Мына ушундай көйгөйлүү маселеге кайрылып “Улутту тезек сактайт” деген темадагы баш макала менен жарык көргөн “Репортер Бишкек” гезити, айыл аксакалдары Кыргызстандын калкын энергетикалык кризисттен сактап калуу үчүн 70 жыл мурдагы заманды көздөй ат тизгинин буруп, массалык түрдө тезек тергенге өтүү керектигин сунуш кыла башташканын, бүгүн өлкөнүн түштүгүндө бир кап тезек 20 сомдон, район борборунда 40 сомдон сатылып жатканын жазуу менен “тезек” деген эмне экенин биринчи жолу орус коомчулугуна түшүндүргөн, 1867-жылы “Лесной журнал” деп аталган басылмага чыккан макала тарыхынан үзүндү басты жана азыркы кыргыздарга тезек даярдоонун технолгиясын сунуш кылды.

Кыргыз байыртан эле ал-жай сурагандан кийин “отун-сууң кандай?” дечү эмес беле. Ушул эле гезит суу маселесине да кайрылып, Борбор Азия мамлекеттер аралык комиссиянын суу-энергетикалык маселелер боюнча жыйынынында төрт тараптуу протоколго өзбек тарап кол койбой чыга бергенин, Ташкен Кыргызстан менен гана эки тараптуу келишим түзүүнү каалаарын маалымдап, суу каатчылыгын жакшы билген Өзбекстан Кеңкөлсай жана Резаксай деген эки жаңы суу сактагыч куруп алып, кышты кыштай суу топтоп чыкканын, мына ушунун өзү сууну Кыргызстандан ала жүргөн Казакстанды Өзбекстанды көздөй буруулууга мажбур кылганын, анан өзбектерди туурап казактар да Көксарай деп аталган жасалма суу сактагыч курганга өткөнүн, жыл жаңырары менен “жаңы жылдык белек” катары газын кымбат жөнөткөн өзбек туугандардын “салам дубайы” Кыргызстан үчүн күтүүсүз “жаңылык” болгонун, суу менен энергиясын марттык менен бере берген Кыргызстандын кеңпейилдиги айланып келип өз элинин башына союл болуп тийгенин, жылуулук, свет кымбаттаганын, ошентип бүгүн Борбор Азиядагы суу башы өлкө болуп туруп өзү сууда калкып калганын баяндады. Өзбекстан болсо газын дагы кымбаттата берет. Токтогул ГЭСиндеги сууну мурдагы калыбына келтириш үчун Кыргызстанга дагы 5 жыл керек. Ушул 5 жыл ичинде кыргыздарга кымбат саткан газынын акчасы менен эле өзбектер Кыргызстандын суусу менен Кудайдын аба-ырайына көз каранды болбогон суу сактагыч куруп алса болот. Ташкендин алысты мелжеген мындай көрөгөчтүгүн туурай баштаган казактар да бир аз жылдардан кийин кыргыздардан суу сурамайын коет. Кокус коңшулардын мына ушул максаттары жүзөгө аша турган болсо деп жыйынтыктайт “Репортер Бишкек” гезити, анда эле Кыргызстан келечекте аймактык саясый аренадан түртүп чыгарылат, чыгарылмак тургай коңшулардын майлуу колундагы кирдеген тыйынга же пешкага айланат. Ошондуктан өлкөнү сактап кала турган фундамент- тезек эмес, энергетика. Энегетиканын бир эле бөлүгүн сатуу эркиндикти сатуу дегендик. Энергетикасын сатып жиберип, кара чырак минип карайлап калган кандай болорун Казакстан жакшы билет. Кийин бул өлкө калк кыжырдана баштаганда бийлигин сактап калыш үчүн ошол кезинде текейге кармата берген энергеотармагын ошол эле өзү саткан чет элдиктерден кутурган баага кайра сатып алган. Эми мындан ары эмне кылуу керек? Бир гана жол бар. Же Кыргызстандын келечегин он жыл алдыга көрө турган баш менен ойлонуш керек же бир дагы көмүр шахтасы мамлекеттик деңгээлде иштеп жыргатпаган Кыргызстан көрүнгөндүн кыгын чогултуп, көң жасап, тезек тергенге өтүшү керек. “Репортер Бишкек” ушинтип жазды.

“Кыргыз туусу” гезити быйыл өлкөнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы 30 миң гектар жер айдалбай кысыр калганын кабарлап, “Калкты азык-түлүк каатчылыгы каптайбы?” деп суроо койду. Оруп-жыйуу башталганда ар гектар буудай аянтынан алынган түшүм 24-25 центнерден айланып жатса, бара-бара бул көрсөткүч төмөндөп олтуруп орум-жыйым аягында 17-18, ал эми реалдуу эсептегенде 13-14 центнерге түшүп каларын, анткени атка минерлер “жел” гектарларга дүң жыйымыдын бир бөлүгүн жамай салышарын, ошентип министр Ногоев Арстанбек алмакчы болуп аткан 800 миң тонна буудай алынары кыйын экенин, быйыл муну кой, өткөн жылга салыштырганда май өсүмдүктөрүнүн аянты-4545, күнкараманыкы-5770, картошканыкы-2831 гектарга аз айдалганын белгилеген баяндамачы Папан Дүйшөнбаев буудай эгилбей кысыр калган 30 миң гектар жерге мамлекет буудай эгип, түшүмүн кары-картаңдарга, жакырчылык азабын тартып жаткан жармач үйбүлөлөргө берсе болбойт беле, эң сонун болмок, бирок, тилекке каршы андай болгон жок деп жазды.

“Агым +” гезити “Быйыл көл сезону көңүлүңүзгө толдубу?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылганда белгилүү журналист Султан Жумагулов, чет жерден келген эс алуучулар эң жөнөкөй туалет таппай ычкырын кармап жүрөт, дааратканалардын жоктугу - Кыргызстан туризминин маңдайына бүткөн шору, анан кантип көлгө келгиле деп чакырабыз десе, профессор Айылчы Сарыбаев, эс алгандар быйыл аз, көл жээгиндеги пансионаттар дүйнөдөгү мен деген курорттук жайлардын баасы менен теңелип калган. Бирок шарты начар. Мисалы ысык суу чыкпайт. Нормалдуу даараткана таппайсың. Чет өлкөлүктөргө салкын мамиле кылып, кайта качырып жатабыз деп, депутат Ибрагим Жунусов, “Алтын Көл” пансионатында шарт жакшы түзүлүптүр. Бул дагы мамлекет үчун чоң жеңиш деп, студент Алтынбек Бактыбек уулу, тамак-аш, жатакана кымбат. Официанттары орой. Жада калса оңдуу бир даараткана салып кое албаган өлкөгө кантип туристтер келсин деп жооп берген.
XS
SM
MD
LG