Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Э.ИМАНКОЖОЕВА: “КУМТӨР” ӨКМӨТ ТОКТОМУНДАГЫ ТАЛАПТАРДЫ АТКАРБАЙ ЖАТАТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Өкмөттүн үч жыл мурдагы токтомуна ылайык 1998-жылдагы Барскоон кырсыгынан жабыр тарткан элге “Кумтөр” алтын ишканасы компенсация төлөп бериши керек эле. Бирок, мындай талаптар азыркыга чейин толук аткарыла элек. Барскоондогу “Карек” бейөкмөт уюмунун башчысы Эркингүл Иманкожоева “Азаттыктагы” маегинде ушул маселелердин тегерегиндеги суроолорго жооп берди.

- Барскоон кырсыгына байланыштуу ошол токтомдогу “Кумтөр” ишканасына коюлган талаптар канчалык аткарылды?

- 2005-жылы өкмөттүн 431-токтому кабыл алынган. Ошондон бери кээ бирлери гана аткарылып, калгандары аткарылбай келе жатат. Мен ойлойм, бул компания Кыргызстанда тургандан кийин мыйзамга баш ийиш керекпи же баш ийбеш керекпи? Же болбосо өкмөт өз токтомунун аткарылышын көзөмөлдөйбү же жокпу? Ушул эки нерсенин бири болуш керек да. Азыр элдин баарынын башы айланып калды. Эмнеге токтом чыгарылат да анан ал аткарылбайт? Компания болсо анын аткарылышын жаңы кол коюула турган келишимге такап жатат. Бул келишимдин кандай тиешеси бар эле. Бул 2005-жылы чыкса, 1998-жылкы алынбай калган түшүмдүн акчасы болуп жатса, анан келип алып «макулдашууга кол койгула анан биз силердин талаптарыңарды аткарабыз», деп өкмөткө басым жасап жатат да бул компания. Башка өлкөлөрдө өкмөт эмне десе ошону аткарышат. А бизде болсо тескерисинче өкмөт алсыздыгын көрсөтүп жатат.

- Он жыл мурдагы Барскоондогу кырсыктын залдары азыр да байкалып жатабы?

- Биз азыр документалдык фильм тартып жатабыз ошол маселе боюнча. Анда кырсыктын залака-кесепеттери боюнча жергиликтүү тургундардын далилдүү пикирлери бар. Бул кырсыктан улам бир топ кишилер каза таап калышты, көбү майып болуп калышты. Ошол боюнча документтердин баарын берип жатабыз. Жакында 10-июнда өкмөт башчысына да ал документтерди жибердим. Экологиялык экспертизанын анализдерин да бар. Экологиялык экспертизаны кайра жасашыбыз керек.

- Ага эмне себеп болууда?

2005-жылы мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү болуп суудан анализ алганыбызда, дамбанын астындагы суудан цианиддин 10-15 пайызга көп чыгышы аныкталган. Бул «Алекстюрк» деген лицензияланган лабораториядан алынган эле. Ошол боюнча дагы кайра анализ жасайлы десек, компания буга макул болбой, уруксат бербей жатат. Эгерде ал жакта таза болсо анда эмнеден коркот.

- Кайрадан көз карандысыз экологиялык экспертиза жүргүзүү талабына тиешелүү тараптар, жергиликтүү бийлик кандай карап жатат?

-Биз губернатордун орун басары Калыбек Алышпаев менен жолукканда кайрадан көз карандысыз экологиялык текшерүүнү өткөрүшүбүз керек деп жатабыз деп айттык. Ошондой эле булардын ачыктыгын да карашыбыз керек. Эң биринчи талаптарыбыздын бири жаңы сүйлөшүү болуп жатат келишим боюнча. Ал келишимди түзүү боюнча да жарандык комитет түзүлдү эле былтыр. Ага жарандык комитеттин мүчөлөрүн да катыштырыш керек. Алмаз Атамбаев премьер-министр болуп тургандагы келишим боюнча каралганда биз канча жолу айттык катыштыргыла деп. Биз дагы көп маалыматтарды билебиз, ошол боюнча иштейли десек жергиликтүү тургундардын бирин да катыштырган эмес. Кийин ал келишим чыкканда карасак, биздин укугубузду бузган беренелер да бар экен. Ошону айтканда Жогорку Кеңеш 15-февралда ратификация кылаарда биздин активисттер келип токтотуп калган. Ошол боюнча азыркыга чейин келишимге кол коюла элек. Эмне болуп сүйлөшүп жатат, кандай сүйлөшүп жатат. Биз дагы билишибиз керек да.

- Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG