Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

КӨЗГӨ АТААР МЕРГЕН РУСЛАН ИСМАИЛОВ БЭЭЖИНГЕ АТТАНДЫ


Дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турган Бээжин олимпиадасына саналуу гана күндөр калды. Бүгүн Кыргызстан чегара кызматынын башкы штабында ок атуу боюнча эларалык спорттун чебери, старшина Руслан Исмаиловду Бээжинге Олимпиадага узатуу салтанат болду. Мерген Русландын Бээжин олимпиадасына даярдыгы кандай? Байгелүү орунга жете алабы? Негизги атаандаштары кимдер?




Өлкөнүн чегара кызматынын төрагасы, генерал- майор Замирбек Молдошевдун айтымында улук сержант Руслан Исмаиловго старшина жоокердик даражасы ыйгарылып, ал Бээжинде байгелүү орундарга ээ болушу толук ыктымал.

Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүргөн чек ара кызматынын старшинасы мерген Руслан Исмаилов 2007-жылдын декабрында Кувейтте ок атуу боюнча Азиянын чемпионатында финалда Түштүк Корея менен Жапониянын спортчуларын уткан. Ушул Азия чемпионатында Бээжиндеги Олимпиадага катышуу үчүн биринчи жолдомону жеңип алган. Ал экинчи ирет жолдомосун ушул жылдын апрелинде Бээжиндеги эл аралык мелдеште бекемдеп, тизелеп атуу укугуна ээ болгон. Үчүнчү ирет жатып атуу укугун ушул жылдын өткөн июнь айында Италияда дүйнөнүн кубогунда жеңип алган.

Русландын атасы Тахир Исмаилов да Кыргызстанды Азияга, союзга, дүйнөгө тааныткан мерген. Апасы Марина да ок атуу спортунун чебери. Мерген жубайлардын уулу Руслан 1986-жылы 22-ноябрда Бишкекте төрөлгөн.
Анда Тахир Исмаилов СССРдин чегара кызматында иштечү. Кийин үйбүлөсү менен Нарын облустук чегара бөлүгүнө которулуп, Нарын шаарында жашап калат. Руслан Нарында чоңоюп, Чкалов атындагы №2 орто мектептен билим алат. Алар 1997-жылы Бишкекке көчүп келишкен. Русландын атасы Нарында кызмат өтөп жүргөндө эле ок атуу боюнча эларалык мелдештерге катышып, Кыргызстандын чемпиондугун бир нече ирет жеңип алган.

Бээжин олимпиадасынын катышуучусу Руслан Исмаилов 2001-жылдан баштап ок атуу спортунун сырын, мылтык атуунун ыкмаларын үйрөнүп, машыгып баштаган. Алгач Казакстандын ачык биринчилигине катышып, баш байгени утуп, Казакстандын чемпиону болуп, Кыргыз спорт чебери деген ардактуу наамдын ээси болот.

2003-жылы, он алты жашында жаштар арасында Борбор Азия биринчилигинде алтын медаль тагынып, спорттун эларалык чебери деген наамдын талабын орундатып, арбын упай топтоо менен адистердин көңүлүн бурат.


Ошондон бери Шериктеш өлкөлөрдүн чемпионат, биринчиликтеринде, эларалык мелдештерден Руслан куру кол келе элек.

Президент Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев өлкөнүн ок атуу федерациясынын жетекчиси катары жакында эле Русланга эл аралык үлгүдөгү немистердин “Валтер” атуу эки мылтыгын 4 миң еврого сатып берген.

Алдыда Бээжин олимпиадасында өзүңдүн мүмкүнчүлүктөрүңдү, даярдыгыңды кандай баалайсың? Мөрөй алууга күч-кубат, даярдыгың жетеби? - деп Русландан сураганда ал “Азаттыкка” мындайча жооп узатты:

- Өнүккөн өлкөлөрдүн спортчулары акыркы үлгүдөгү кымбат, сапаттуу мылтыктарды алып жүргөнүн көрүп көзүң күйөт. Биздин октордун да сапаты начар келип, учуу траекториясы да өзгөрүп кетүүсү мүмкүн. Бишкектеги Фучик паркыбыздагы тирдин абалы киши ыйлаарлык. Кышкысын суук, жайкысын электр жарыгы тез-тез өчүп, машыгууга деле шарт жок. Чет өлкөлөрдөн машыгууга жетиштүү каражат бөлүнбөйт. Чынында өз мүмкүнчүлүктөрүмдү баалоо эртелик кылат. Бээжин олимпиадасына үзбөй машыгып, даярдык көрүп жатам. Менин да эң башкы максатым - жердешибиз Александр Мелентьевдей олимпиада чемпиону болуу. Бээжинге учурда даярдык көрүп, жакшы тилек-үмүт кылып турам.

Жогорку кеңештин депутаты Бегалы Наргозуевдин пикиринде кыргыз эли илгертен эле көзгө атар мергендерин даңазалап келгени менен учурда бул спорттун жүгүн аркалаган кыргыз жигиттери жокко эссе.

- Бир айыл элди баккан "кыл мергендердин" баасын-баркын билишкен. Шыпшайдар мергендин өнөрү "Манас" эпосунда кеңири баяндалган. Кожожаш мергендин өмүрү башкаларга сабак болсун, жаратылышты көздүн карегиндей сактоону, кайберендердин каргышына калган жан оңбостугун, жаныбарларды аеосуз кыргынга учуратпай, мергендик салтты сактагыла деп дастан болуп муундан-муунга айтылып келет. Мергенчиликти көңүл ачуунун бир түрү эмес, өнөр, кандан өткөн касиет катары карап келишкен. "Мылтыктын анты болот" деп, курал-жаракты да өзгөчө кастарлап, этият урунушкан. Бирок, элибизден эчен көзгө атаар мерген чыкса да, учурда ок атуу спортуна кызыгуу солгун. Кыргыз намысын айылдык мергендердин урпактары көзгө атаар мерген жигиттер коргоого жарабай жатканы өкүндүрөт.

Кыргыз спорт тарыхында 1980-жылы Москва олимпиадасында алтын медаль утуп, олимпиада чемпиону болгон Александр Мелентьевди анык көзгө атаар мерген, рекордчу десек, жарашат. Дүйнө рекордчусу Вячеслав Бочкарев, Азия чемпиондору Юрий Ломов, Юрий Мелентьев, Андрей Бабченко жана башка жигиттер чыккан.

Ал эми жашынан мерген катары таанылып, Азиялык, дүйнөлүк адистердин көңүлүн бурган кыргызстандык Руслан Исмаилов Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргогону 31-июлда Бээжинге аттанганы турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG