Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:39

АЙТЫЛУУ МИҢ КЫРДУУ КЫДЫР АКЕ (экинчи бөлүк)


“Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөгүбүздүн өткөндөгү чыгарылышында Ысык-Көлдүн бугу уруусунан чыккан таанымал манап, элчи, саяпкер, олуя, комузчу Кыдыр аке Байсары уулунун туулган күнүнүн 165 жылдыгына, өмүрүнө, тагдырына, комузчулугуна, арналган эле. Ошол түрмөктүн экинчи бөлүгү назарыңыздарда.

Төгөчүнүн энеси Мааке:

Кулунум кокуй, Төгөчү кокуй,
Көзү ачык кеткен кургурум кокуй,
Жашоонун көрбөй жыргалын кокуй,
Жашыңда жайланып калдыңбы кокуй,
Отузга жетпей оо дүйнө кетип,
Ооматы башка салдыңбы кокуй,
Кырчын бир кезде кыйылып кокуй,
Капагаа салдыңбы кокуй,- деп жаагын жана күйүткө бата кошкон кошогун уккандардын каңырыгы түтөйт. Ал эми Төгөчүнүн жубайы Жийдекандын:

Баштанып жаткан жагынан,
Бейиштен барып орун ал,
Артыңда калган балдарды,
Арбагыңда колдоп ал.
Безилдешпей шордууну,
Мен бейбакты жаныңа ал,
Жайланып жаткан жагыңдан
Жаннатан барып орун ал,
Каралуу катын дегизбей,
Мен бейбакты коштоп ал,- деп бетин тытып, капилетен кайгыга батканына күйбөгөн жаны күл болот. Төгөчү менен кошо, о дүйнөгө кеткиси келет. Өлгөндүн иши көмгөн болуп, Төгөчү келбес жайга узатылат. Кыдыр акенин “Төгөчү” же “Арман күүсүнү” кайрыктарына кайрыктар уланат, баштагыдан да муңкана муңдуу чертилет. Эл ичинде “Сабырдуу чалдын арманы” деген атта жоктоо ыры менен коштолуп аткарылган. 1922-жылдын 26-августунда жыйноочу Кайым Мифтаков Шаркыратма болушуна комузчу Туртемир Аблай уулунан “Төгөчү” күүсүнүн:

Комузуң барбы чалганга.
Амалым барбы жалганга,
Арманымды айтайын,
Артыңда жалгыз калганга,

Күүлөдүм комуз чалганга,
Күдөрүм барбы жалганга,
Күйүтүмдү айтайын,
Күймөлүп жалгыз калганга.

Керегеташтын Кеңкүңгөй,
Керилчү элең, кулунум,
Көп сүйлөсө үндөбөй,
Эринчү элең, кулунум.

Арашан, Ак-Суу, Чоң-Жергез,
Жериң калды, кулунум,
Алты старчын, бир болуш,
Элиң калды, кулунум.

О, Төгөчү чолпонум,
Бакырсам кайдан табылат,
Иледен алган баш айы
Ийнесиз кайдан кабылат,- деген шекилдүү жоктоо ырын жазып алат. Ырас, армандуу жоктоо ооздон-оозго, көчө ырдалып жүрүп, алымча кошумчаларга дуушар болгону байкалат. Ал турсун “Төгөчү” жоктоо күүсүнүн өзөгүнө түштүк аймагында “Кыдыр карыянын күүсү”- эски “Сынган бугу” аттуу жаңы үлгүдөгү жаңы күү да чыгарылган. Кыдыр акенин канча кайгынын кара туманы каптаса да, белин бекчейте, көзүн чекчейте басса да чөкпөй: “Элим бар, ырысым бар, урушпай ажырашсаң, уялбай учурашасың,- деп өзүнүн кызыкчылыгынан элдикин жогору коюп, баардыгын бир ата, бир эненин балдарындай ынтымактуу, ырашкерлүү, бирдиктүү жашоого чакыра оозунан сөзүн, колунан комузун түшүрбөйт. Улуу, кичүү Ыбырай Тумановдун комуз дүйнөсүндөгү тушоосун да Кыдыр аке кесиптир. Ал алгач Ыбырайды черттирип көрүп: “Аккан арыктан суу агат” дегендей абалтан атабыз Сарыкенин тукумдарынан өнөрлүүлөр көп чыгат. Менин тилимди алсаң ырды коюп, комузчулук өнөрүңдү улант, сенин черткениңде сан жылкынын ичинен марага келүүчү күлүктүн учкаягы бар экен. “Ак жолуң ачылсын”- деп ак батасын бериптир. Кыдыр аке жолуккан күндөн Ыбырайдын өнөрү өркүндөйт. Ал Кыдыр акеден “Кыдыр акенин ботою”, “Кыдыр акенин арманы”, “Төгөчү”, “Кереге таштын кербез ботою” аттуу ж.б. күүлөрүн үйрөнөт. Калк арасына тартуулайт.

Кыдыр аке Көл өрөөнүнөн чыккан төкмө акындардын Солтобайды, Манасчылардан Чоюкени кара жанындай көрүп, чыгармаларын кумарлана угуучу экен.

1926-жылдын март айында Кыдыр аке Чоюкени чакыртып алып, “Манастан айттыртып уккусу келет. Ага атайын киши жиберет. Ал барса Чоюке катуу ооруп төшөктө жаткан болот. Ошондой оор абалда жатса да, залкар манасчы өзүндө болгон акыркы күчүн жыйып, боюн токтотуп, “Чоң казаттан” айта баштайт. Ал:

Алтын кемер чен деп,
Ай далыны бети деп,
Арыстан Манас баатырың,
Шилтеди найза акыры,
Калмак ээр кашына,
Кан жүрөктүн башына,
Айкырып төрө сайганда,
Найза төшкө шак этти,
Чарайнага чак этти,
Алактаган чоң төрө,
Нардай болгон кара аттын,
Сооруга башы шалк этти,
Ошончо найза сайганда,
Оңдурчу эр эмес,
Оён Манас баатырың,
Оңой-олтоң неме эмес
Коңурбай кулап калыптыр
Көмөлөнүп атынан,- деген жерине келгенде тилден калып, о дүйнөгө сапар тартыптыр. Кыдыр аке болсо:- Армансыз адам болбойт. Каап, акыркы жолу Чоюкемдин үнүн угуп, акыретке аттанайын дебедим беле эми манасчыны жайына жакшылап узаталы. Мырзаларга айткыла, союш, кийитин камдашсын Жаннатан жан берсин!- деп, Чоюкени бир жума өткөндөн кийин1926-жылдын 26-мартында 84 жаш курагында Кыдыр аке өзү жарык дүйнө менен кош айтышытпыр. Ошондо кошокчулар Кыдыр акенин өткөн өмүрүн, элге кылган кызматын адамдык асыл сапаттарын сыпатташып, мындайча кошуптур:

Атабыздын эшигинен элик бакырган,
Тушуна тулпар туйлаткан,
Түндүгүнөн баалуу шумкар чакырткан,
Төрүнө Кожомолдо сыйлаткан.
Атабыздын ак жибек болгон майлыгы,
Арыктан чыкан байлыгы,
Атабыздын көк жибек майлыгы,
Көлдөн чыккан байлыгы,
Атабыз кеткен далайга,
Атабыз бээ бердирткен байкушка,
Белгилүү болгон кыргызга.
Атабыз, кулалы таптап куш кылган,
Курама жыйнап журт кылган,
Кулалы кетер жерине,
Эми курама кетээр элине,
Атабыз ителги кармап куш кылган,
Жеримди жыйып журт кылган,
Атабыз көзү өткөн соң,
Жетимдер кетээр элине,
Ителги кетээр жерине.
Атабыз, сур жорго минип жол жүргөн,
Сурнай тартып мол жүргөн,
Сурнайы ай болгон,
Атабыздын ар сымбаты шай болгон,
Атабыз кер жорго минип, жол жүргөн,
Керней тартып кол жүргөн
Керней ай болгон.
Атабыздын ар келбети шай болгон.
Атакемдин мингени,
Жылкы ичинде карасы
Аа дүйнө кеткен атабыз
Кан төрөнүн баласы,- делип Кыдыр акенин болгонун болгондой кошушуп жумурай журтту гана эмес, табийгатты да жашытыптыр. Кыдыр акенин ысымы тарыхый инсан, улуу комузчу катары кыргыз эли канча жашаса, ошончо жашай бермекчи.
XS
SM
MD
LG