Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

ОРУСИЯДА МИГРАНТТАР ӨЗҮНЧӨ ШААРЧАЛАРДА КАРМАЛЫШЫ МҮМКҮН


Муса Мураталиев, Москва Москвада жакында КМШ жана чет өлкөдөн келишкен мигранттарды кармачу атайын шаарчалар пайда болору кеп болууда. Мындай сунушту Түштүк-Чыгыш админстративдик округдун жетекчиси Владимир Зотов журналисттер алдында айткан. Долбоор боюнча, чакан көлөмдөгү мигранттар гана туруучу төрт шаарча курулары белгиленген. «Новые известия» жазганга Караганда, көз карандысыз эксперттер мындай жагдай ансыз да ширеңке чакса эле дүрт эте турган улуттар арасындагы араздашууну курчутат дешкен.

Мигранттар жашачу төрт шаарча Маскөөнүн түштүк-чыгышына курулат дешет. Бул туурасында бейшемби күнү «Коммерсант» жазып чыкты. Айта кете турган жери, аталган даректерде улутчул кырмабаштар өңү славяндарга окшобогондорго кол салуусу көп болуп турат. Бийлик чечмелегенге караганда ал шаарчалар ордо калаанын жашоо- тиричилигине жолто болбогудай жагдайда салынат. Антпесе болбойт, эмне дегенде Орусия мигранттар кара күчүнө дагы да муктаж. Ошондуктан бир эле Маскөө үчүн келерки, 2009-жылы чет элдик 8320 киши ишке алынат, алар да, маскөөлүктөр жашоо-тиричилигине байланыштуу кара жумушта иштечүлөр деген.
Жумуш издеп келишкен чет элдиктерди бир жерде чогуу кармоо кебин Маскөө бийлиги үстүдө жылдын май айында 2008-2010-жылдар арасында долбоорго байланыштуу алгач ирээт оозанган. Ошондуктан бул демилгенин жерде калбашын Түштүк-Чыгыш админстративдик округдун ырасмий өкүлү Светлана Говорухина айтат:

- Мыйзамга ылайык, мигранттардын жашап турушу үчүн үй берүү бизлин милдет эмес. Айталы, биз, көчө шыпыруучуларды ала турган болсок, алар, баш калкалаар жай менен өздөрүн өздөрү камсыз калууга тийиш. Ошол эле учурда чет элдик атуулдардын кимиси кайда жашап атканын билүү милдети шаар жетекчилигине жүктөлөт.

Адам укугун коргоочу Ахмед Арсамаков айтканга караганда КМШ жаатынан ооп келип аткандар үчүн алардын жашаган жери жакшы же жаман экени кеп эмес, алардын кайгысы – колундагы ишин жоготпошу, алуучу акысын өз учурунда өндүрүп алуусу болот.
Ал арада, үстүдө жылдын сентябр айынан тартып өлкөдө атуулдукка алуу орус тилинен сыноодон өткөрүү жолу менен жүзөгө ашары кеп болууда. Саал мурдараакта мигранттарды ишке алынуу да алардын орус тилин билүү деңгээлине жараша болору ырасмий айтылган.

Ошондон улам «Жарандар аракети» кыймылынын төрайымы Светлана Ганнушкина мындай дейт:

- Жаңы мыйзам арибине ылайык акча табайын деп жумуш издеп келген мигранттардын орус тилинен сыноодон өтүүсү турулуу көрүнүшкө айланды. Анда талаш жок, бирок экзамен алуучулар ким - кеп ошондо.

«Коммерсант» гезити болсо: «Маскөө бийлиги мигранттар үчүн эмгек резервацияларды түзүүгө белсенип киришти. Биринчи төрт шаарчаны 2008-жылдын күзүнөн баштап курмакчы. Эмгектик «геттолорду» болсо улуттук бирикмелер тургундар арасында массалуу түрдө кагылыштарды жаратрын айтышат»,- деп жазат.

XS
SM
MD
LG