Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

13:52 Акыйкатчы институтунун семинары өтүүдө


Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, семинарда Акыйкатчы институтунун өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча ар кыл сунуштар айтылды. Ошондой эле жыйында институттун кызматкерлеринин укук коргоо органдары менен иштешүү, эл аралык уюмдар менен байланыш түүзүү, коомчулуктун укук боюнча сабатын тереңдетүү маселелери каралды. “Учурда коомчулук эмес, укук коргоо кызматкерлеринин адам укугу боюнча билими төмөн”, дейт Т. Акун. Акыйкатчынын айтымында, аталган концепция 2012-жылга чейин каралган жана ал ушул жылдын декабрь айына чейин иштелип бүтүшү керек. Эгер бул стратегия иштелип чыгып, жактырылса, Кыргызстан Акыйкатчы институтун өнүктүрүү боюнча стратегияны иштеп чыккан алгачкы өлкө болуп калат. Бул иш чарага БУУнун адам укуктары боюнча Комиссарлыгынын Бишкектеги башкармалыгынын жана БУУнун өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү, Акыйкатчы институнун кызматкерлери катышууда. Семинар бүгүн жыйынтыкталып, кечке жуук талкууланган маселелер боюнча чечимдер кабал алынат.(MSu)

XS
SM
MD
LG