Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

18:10 Орто-Токой суу сактагычында балыктар өлүмгө учуроодо


Мындай маалыматты Нарын районундагы Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Курманбек Исраилов “Азаттыкка” мындайча билдирди: “Балыкчыга барсам Орто-Токой айыл өкмөтүнүн башчысы жолугуп, Кара-Кужур суусундагы балыктын абалынын өлгөнү же өлбөгөндүгү тууралуу сурады. Мен өлгөн жок дедим. Ал айтты, Орто-Токой суу сактагычында балыктар өлүп, жээкке чыгып калып жатат, балдар аны терип алып жатат. Мен деле ууланганын билген жокмун”,- дейт Курманбек Исраилов. Нарын облустук айлана-чөйрөнү коргоо Башкармалыгынын Кочкор району боюнча инспектору Туратбек Сыдыков Орто-Токойдо балыктар өлүп жаткандыгын бышыктады: “Балыктар суу сактагычтан эмес, суу койберилгенден кийинки тарабында урунду болуп өлгөндөрү кездешүүдө”,- дейт Туратбек Сыдыков телефон аркылуу берген маалыматында.
(KUs)

XS
SM
MD
LG