Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

ЖОГОРКУ ЖОЛУГУШУУЛАР ЧЕГАРАНЫН ЧЫРЫН ЧЕЧЕБИ?


25-26-июль күндөрү Тажикстандын Исфара шаарында маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясынын сегизинчи отуруму болду. Анда негизинен үч маселе боюнча, суу, энергетика жана чегара тилкелери тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындай эки тараптуу жогорку рангдагы жолугушууларды, Кыргызстан Тажикстан менен жыл башынан ондон ашуун жүргүзгөн. Бирок коомчулукта мындай отурумдардан эч майнап чыкпай жатканын айтышууда. Ошол эле учурда бийликтегилер чегарага байланышкан маселелер өз нугунда чечилүүдө деп ишендирип келет.

Эки тараптуу өкмөттөр аралык кыргыз-тажик комиссиясынын бул жолку сүйлөшүүсүндө негизги тема болуп Ош-Исфана автожолунун Чорку тажик айылын айланып өтүүчү бөлүгүнүн тактала элек чегара тилкесиндеги 275 метр кесиндиси боюнча эки тараптуу келишимге келүү түзүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» сүйлөшүүгө кирээрден алдың жол транспорт министри Нурлан Сулайманов билдирди.

- Бүгүнкү сүйлөшүүдө негизги маселелердин бири 275 метрлик жер бар. Ал лимитация демаркациядан өтө элек жер. Ошондуктан биз тажик өкмөтү менен толук келишимге келебиз деген ишеним бар. Андан сырткары суу жана энергетика маселеси дагы каралат,- деди эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кыргыз тарабынын төрагасы Нурлан Сулайманов.

Андан башка бул жолку эки тараптуу отурумда Баткен облусу менен тажикстандын Согди облусу ортосундагы энергетика, суу жана чегара маселери да козголгону айтылууда. Акыркысы боюнча көп талаштуу жагдай орун алууда. Эки тараптуу жолугушууда чегара жаатында Баткен районунун Аксай айыл өкмөтү менен Тажикстандын Ворух жамааты чектеш аймактагы «Тамдык» кыргыз чегара бекети тууралуу да сөз болушун буга чейин Аксай айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Ибрагимов маалымдаган болчу. Аталган чегара тосмосун тажик тургундары кыргыз тараптан алып салуусун ушул күнгө чейин талап кылып келүүдө. Бирок, жергиликтү кыргыз жашоочулары эгерим ушул тосмону кыргыз бийликтери алып салса, Аксай айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын жайыт жана жайлоого каттамы токтоп калат деп айтышууда.

- «Тамдык» кыргыз чегараны башыбызды алып койсо да албайбыз. Керек болсо президентке барышка акыбыз бар. Чегара биз үчүн зарыл. Биз «Тамдык» постун алганда кыргыздын жайлоосуна бир да кыргыз чыкпай калат,- дейт Аксай айылынын башчысы Насридин Дубанаев.

Ошол эле учурда коомчулукта мындай сүйлөшүүлөрдөн эч майнап чыкпайт дегендер да бар. Аксай айыл өкмөтүнүн тургуну Айдар Маманазаровдун айтымында, эки тараптуу жолугушуулар көп болгону менен салмагы жок, болгону отчет үчүн жүрүүдө.

- Мындай жолугушуулар жылда эле, тез-тез эле өтүп турат. Былтыркы жолугушуудан буларга жетиштик деп көрсөтө турган эч нерсеси жок. Булар жөн гана эл аралык коомчулук үчүн эле отчет үчүн жолугушат. Эч кандай бир орчундуу жыйынтык жок,- деген пикирин Баткен районунун Аксай айыл өкмөтүнүн тургуну Айдар Маманазаров ортого салды.

Баткенде эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөру, келишимдери, деги эки тараптуу иш чаралары тууралуу элге маалымат жетпей келет. Жетсе да туура эмес талкууланат. Мындай пикирин бейөкмөт уюмда конфликтология жаатында иштеген Зейнура Исабекова билдирди:

- Эки тараптуу жолугушуулардын жергиликтүү элге жеткиликтүүлүгү жок. Элдин баары сыртта талаада жумуш менен убара. Жеткиликтүү кылып маалымат таратып турса, маселени ар бир атуул туура түшүнүп турат эле.

XS
SM
MD
LG