Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

ОБАМА ДҮЙНӨЛҮК КОРКУНУЧТАРГА КАРШЫ ЕВРОПА МЕНЕН АКШны БИРИГҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


Кубат Чекиров, Прага АКШнын президенттигине демократтардан талапкер болгону жаткан Барак Обама Батыш Европа боюнча сапарын улантып, бүгүн Лондонго келди. Ал бул жерде премьер-министр Гордон Браун жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын элчи Тони Блер менен жолугушту. Барак Обама буга чейин Германияда, Францияда болуп, жогорку жетекчилер менен жолугушуп, Ооганстан, Ирактагы кырдаалды талкуулап, терроризм, климаттын өзгөрүшү, өзөктүк куралдануу сыяктуу дүйнөлүк коркунучтарга каршы европалыктар менен америкалыктарды биригип күрөшүүгө чакырды.

Обаманы Парижде президент Никола Саркози Елисей сарайында кабыл алып, бир сааттан ашык маектешти. Андагы болгон сөз жөнүндө Барак Обама жолугушуудан кийин болгон маалымат жыйынында буларды билдирди.

«Президент Саркози жана мен бир пикирде экенбиз, Иранга анын мыйзамсыз өзөктүк программасын ооздуктоо үчүн дүйнө ачык айтыш керек. Иран өзөктүк куралга ээ болсо биздин эки мамлекетке абдан чоң коркунуч туулат, бул Израилди да жана башка өлкөлөрдү да жардын кырына такап, террористтерди шыктандырып, Жакынкы Чыгышта жарыша куралдануунун опурталдуу от-жалыны дүрт этет»,- деди Барак Обама.

Обаманын айтымында, Иран өкмөтү Улуу Британия, Франция, Кытай, Россия, АКШ биригип сунуш кылган тынчтык планын кабыл алып, өзүнүн өзөктүк курал жасоо боюнча амбицияларын токтотушу керек. 19-июлда Женевада болгон сүйлөшүүлөрдө аталган алты кубаттуу өлкө Иранга акыркы чечимге келүү үчүн эки жума убакыт беришкен. Бул жолугушууга биринчи жолу АКШнын жогорку даражалуу өкүлү да катышкан. Тегеран менен жаманбы-жакшыбы баары бир сүйлөшүүлөрдөн качпаш керек деп баса айтып келаткан Обама Женевадагы сүйлөшүүгө мамлекеттик катчынын орун басары Уилям Бернсти жибергендиги үчүн президент Бушту мактады.

Чет өлкөдөгү сапарынын жүрүшүндө Обама коопсуздук проблемаларын Ооганстандын, Ирактын, Израилдин, Палестинанын, Германиянын мамлекет башчылары менен кездешип талкуулады. Лондон анын сапарынын акыркы чекити болмокчу. Лондондо Обама премьер-министр Гордон Браун менен жолугушуп, Ооганстандагы олку-солку түшүп аткан кырдаал боюнча акыл калчашып көрмөкчү. Ал мындан мурунку сүйлөгөн сөздөрүндө Ооганстанга дагы кошумча аскер жиберүү зарылдык деп айткан.

Обамынын жүйөөсүндө, ооган согушу жеңиш менен аякташ керек, антпесе Талибан тынчыбайт, АКШ менен анын союздаштарына коркунуч туудуруп, кол салуудан кайра тартпайт. Ошон үчүн демократтардын талапкери Талибан менен кармашка карылуу күчтөрүн жибергендиги үчүн Франциянын да эмгегин белгилеп өттү.

Айрым француз комментаторлордун баамында чет жактагы сапар Обама тышкы саясат боюнча программасын бышыктап алуу үчүн керек болсо, анын сапарынан Саркози да кур калбайт шекилдүү. Акыркы убакта аброю ылдыйлап кеткен Саркози Обаманын сыйкырынан бирдеме жугуп калар деп үмүт кылууда.
«Фигаро» гезитинин жазганына караганда, Саркози Обамага «курдаш» деп кайрылып, кеңешчилери кой десе болбой, Хилари Клинтон Демократиялык партиянын талапкерлик мандатын жеңип чыга албасына эчак эле көзү жеткенин саймедиреп жиберди.

Айтмакчы, ынды кара калктын өкүлдөрү Франциянын өзүндө жарыган колдоодо эмес. Калкынын он пайызынын теги Афиркадан болгонуна карабастан Улуттук парламенттеги 577 депутаттын бирөө гана улуттук азчылыктан шайланган. Мамлекеттин 36 миң аймактык-шаардык бийлик структураларында мэр кызматына жеткен теги африкалык же арабдардан чыккан анча-мынча өкүлдөр бар.
XS
SM
MD
LG