Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Өтүп бараткан аптада өлкөдө бир катар олуттуу окуялар болду. Жумада президенттин катышуусунда өкмөттүн кеңешмеси өтүп, анда өлкөнүн жарым жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары каралды. Чет жакта иштеген кыргыз мигранттарынын башын кошкон “Замандаш” ассоциациясы мигранттардын укуктарына, алардын өлкөнүн экономикасына кошчу салымын талкуулаган жыйын курду. “Апта жаңыргы” түрмөгүбүздөн мына ушул окуялардын тегерегинде жана Бишкек-Торугарт жолунда 8 адамдын өмүрүн кыйган авто кырсык тууралуу баяндамакчыбыз.

Өкмөт жыйыны: өлкөнүн жарым жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, кышка даярдык

24-июлда мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин катышуусу менен өкмөттүн жыйыны болуп, анда өлкөнүн жарым жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, кышка даярдыктын абалы талкууланды. Жыйында президент күз-кыш айларында өлкөнү катуу сыноо күтүп тургандыгын айтып, биринчи карды күтүп отурбай бүгункү күндөн тартып отунсуу, тезек камдоо керектигин айтты:

- Тезек болобу, көмүр болобу, азыртан даярдангыла. Булардын (министрлердин) айткан сөздөрүнө ишенбегиле. Жарык болушу өтө татаал. Биз “Токтогул” суу сактагычындагы суунун көлөмүн жанагы “жансыз чекитине” түшүрө албайбыз. Андай болсо бардык Кыргызстан жарыксыз отуруп калат. Баанын жогрулашы тууралуу да толук маалыматыңар жок. Эгерде премьер, президент айтканын укпасаңар, анда аялдарыңар базарга барышсын. Күрүч, май канча тураарын айтышсын. Эми аялдарыңардын сөзүн угасыңар чыгаар.

Жыйында маалымат берген министрлер менен мекемелердин жетекчилеринин алты ай ичинде жасаган иш-аракеттерин мамлекет башчы канааттандырарлык эмес деп тапты. Буга өкмөттүн баа менен инфляциянын өсүшүн ооздуктай албай, келечекте экономикалык кризистен чыгуунун жолдору ушу убакка чейин иштелип чыкпаганы себеп болду.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун өлкөнүн өткөн жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча берген маалыматына таянсак, инфляциянын көлөмү 15 пайызды түзсө, экспорттун көлөмү 18 пайызга жетип, ал эми импорттун ченеми 40 пайыздан ашкан. Министрдин айтымында, эгерде Кыргызстандын өнүгүүсү ушундай багытта улана берсе, жыл соңуна чейин инфляция өсүп, азык-түлүк кризиси мындан да күчөп, энергетика тармагындагы кырдаал жалпы сиситематикалык кризиске айланып кетиши мүмкүн. Ал эми импорт менен экспорттун ортосундагы ажырым күчөйт. Мына ушундай коркунучтарды алдын алуу үчүн министрлик тарабынан болгон аракеттер көрүлүп жатат деп ишендиргени менен, экономист Айылчы Сарыбаев өмөттө буга чейин деле өлкөнү экономикалык кризистен алып чыгуунун механизмдери жок болчу, азыр да жок деп “Азаттыкка” билдирди:

- К.Бакиевдин сүйлөгөн сөзүндөгү бир жаңылыгы - электр жарыгы “Токтогул” суу сактагычы менен токтоп калбайт деген сөзу болду. Чыныдыгында эле электр энергиясынын баасы жана анын пайдаланышы “Токтогул”суу сактагычындагы суунун көлөмү менен чектелип калбайт. Мында көптөгөн факторлор бар, анын ичинде эң чоң фактор - бул коррупция. Ошондуткан с.Балкыбековго сөгүш бергени туура эле болду. Аны түз эле кызматтан алыш керек болчу. Өкмөткө кайра-кайра сөгүш берип, анын ишине улам “эки” деген баа кое бергенде да акыры көнүмүш адатка айланат. Ошондуктан бул жерде кандайдыр бир чечкиндүү сөздөр айтылса болмок.

Айылчы Сарыбаев өкмөт “Азык-түлүккө баалар өсөт деп мактанбай, баанын жогорулашын бул жол менен токтотуп жатабыз” деп мактанышы керек эле дейт:
- Азык-түлүк каатчылыгына негиз колхоздорду таркаткан кезде эле пайда болгон. Электр жарыгына, газга баанын кескин өсүшү күтүлүүдө. Ал эми нормалдуу өкмөт, башка өлкөлөрдө бул проблемаларды алдын ала айтпайт. Алар өсө турган нерсени “Биз момунтип токтотобуз” деп айтат. Биздин өкмөттө “Мындай жол менен токтотобуз” деген жок болуп жатат.

Өлкө учурда ушундай оор мезгилди башынан кечирип отургандыгынын бирден бир себебин Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов өкмөт убагында чара көрбөстүгү, экономикалык анализдин жоктугунан көрөт:

- Кардиналдуу түрдө чаралар көрүлүшү керек эле. Өзгөчө энергетика, айыл -чарба тармагында. Ал эми ушинтип өкмөттүн жыйыны өтүп жатат, бирок болоор иш болуп калды. Эртерээк ойлонуш керек болчу. Жайга чейин алдын ала даярдык жок болгондон кийин кышында көмүр кымбаттап жатат, ал аз келгенсип көмүр жок болуп атат. Свет, суу калбына келет деп убада кылынды эле, ал жок. Кыш оор болот. Бул экономикалык божомолдун, анлиздин жоктугун көрсөтүп турат.

Өлкөдө ички анализ жүргүзүлбөй жатканына, министрлер болсо кырдаалдын татаалдыгына реалдуу баа бербей, болгону жасаган иштери тууралуу айтып жатканына кескин нааразылыктар көбөйдү. Президент мынтип айрым жетекчилерге катуу сын айтып, айрымдарына сөгүш жарыялаганы менен кырдаал оңолуп кетпейт деген пикирлер коомчулукта арбын.

Маселен Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча мурдагы башчысы, учурда АКШда жашап жаткан Равшан Жээнбеков өкмөттүн өлкөнү экономикалык кыйынчылыктан чыгарууга кудурети жетээрине көз жетпей тургандыгын “Азаттыкка” берген маегинде айткан:

- Азыркы бийлигибиздин дагы, өкмөтүбүздүн дагы экономикалык кризистен алып чыгып кетүүгө кудурети жетпейт. Себеби биз экономикалык маселелерди чечүү үчүн эң принципиалдуу түрдө мамлекеттин негизин түзгөн адам укугун, сөз эркиндигин жана мамлекетибиздеги экономикада, саясатта атаандаштыкты пайдаланмайынча бул маселелерди чечүүгө мүмкүн эмес. Андыктан биздин мамлекетибизде азыркы күндө бул кыйынчылыктар чечилбейт жана көрүнүктүү эч кандай өнүгүү болбойт.

Мына ушинтип өкмөттүн кышка даярдыгы, жарым жылда жасаган иш аракеттери президенттин, айрым серепчилердин сынына кабылып отурат. Эми өкмөт мүчөлөрү жарым жылдын жыйынтыгы менен кышка даярдык кандай жүрө тургандыгын 31-июлда дагы бир ирээт талкууламай болду.

Кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү, мекенине колдоо көрсөтүү ниети



Өтүп бараткан жумада, тагыраак айтканда 22-июлда кыргыз диаспораларынын “Замандаш” эл аралык ассоциациясы жыйын куруп, анда чет жакта жүргөн эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү, чет жакта иштеп жүргөн кыргыз атуулдардын Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошуу маселелери талкууланды. Анда кыргыз мигранттары өз мекенинде иш алып барууда негизги тоскоолдуктар бюрократиялык бут тосуулар экенин белгилешти:

- Эң эле жаман тоскоолдуктар- мамлекеттик инстанциялар көп болуп жатат. Мен бир ай мурда Москвадан келип айылыма чакан завод ачып, айылдын экономикасын көтөрөйүн дегем. Айыл өкмөтү, аким менен сүйлөшсөм, завод курганга жер участогу бар экен. Бирок ал участокту мага каттаганга болбойт экен. Себеби мен Орусиянын атуулдугун алгам. Ошондон улам жоопкерчилиги чектелген ишкана ачышым керек экен. Бул боюнча Ысык-Көл облусунун Адилет башкармалыгына кирдим. Ал боюнча бизде полномочие жок, Бишкектен ачышыңыз керек деди. Бишкекке келип эки жумадан бери барбаган жерим калган жок. Негизинен инстанциялар абдан көп экен. Ал эми эки-үч күндө ишкана ачып беребиз, документтерди бүтүрүп беребиз деген фирмалар он-он беш миң сом төлөгүлө, беш жүз долларды министрликке беребиз дейт. Мындай коррупциялашкан фирмаларга ишкана ачтыргандан көрө, жеке демилгечилердин ишин тез арада чечип берсе жакшы болмок, дейт “Рус-партнер” компаниясынын жетекчиси Руслан Эшимов.

Өз кезегинде жыйынга катышкан Президент администрациясынын өкүлү өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө жардам берүүнү каалаган мекендештерге мамлекет тараптан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт деп убада кылды.

Жыйында Миграция жана ишке жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комитет чет жакта жүргөн эмгек мигранттары боюнча анализ жүргүзүлбөй жатат деп иши сынга алынды. Акыйкатчы Турсунбек Акун мигранттардын маселесине мамлекеттик тиешелүү уюмдардан да коомдук уюмдар көбүрөөк көңүл буруп, алгылыктуу иш алып барып жатканын айтат:

- Бул жыйынга мен да катышып, Акыйкатчы катары сөз сүйлөдүм. Кээ бир мекемелерди сындап да өттүм. Бул боюнча мамлекет деле көп иш жасап жатат, бирок коомдук уюмдар көбүрөөк аракет кылып атат. Айрыкча “Замандаш” ассоциациясы көп иш алып барууда. Биз ушул күчтөрдүн бардыгын бириктирип жумушчу топ же координациялык кеңеш түзөлү деген сунуш киргиздим. Ушундай бир координациялаган орган болуп калса, иш жакшырмак.

Үч күнгө созулган жыйында каралган маселелер боюнча чечимдер өкмөткө сунушталды.Эми бул боюнча өкмөттүн жообу жакынкы арада белгилүү болоору күтүлүүдө.

Сегиз адамдын өмүрүн кыйган жол кырсык



Өтүп бара жаткан апта 8 адамдын өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы менен коштолду. 20-июлдан 21-июлга караган түнү Бишкек-Торугарт автожолунун алтымыш төртүнчү чакырымында, тагыраак айтканда Дунларов көпүрөсүнүн жанында Чолпон-Ата шаарынан жогорку ылдамдыкта келаткан автобус мерседес- үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Анда 8 адам каза таап, 25 адам ооруканага жеткирилген. ИИМдин билдиргенине карганда, “Сетра” автобусунун айдоочусу саатына 150 чакырым ылдамдыкта бараткан. Дал ушул жагдайдай улам кырсык болгону айтылууда. Жайкы сезон башталганы Бишкек-Ысык-Көл жолунда жол кыймылынын коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдүн астында болоорун Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев кабарлаган эле. Бул кырсыкта күнөөлү деп учурда убактылуу тергөө жайында кармалып жаткан автобустун айдоочусу Алмаз Абылавден тышкары, жоопкерчиликке МАИ кызматкерлери тартылабы деген маселе турат. Бул боюнча ИИМдин басма-сөз катчысы Бакыт Сейитов мындай дейт:

- МАИ кызматкерлеринин жоопкерчилиги сөзсүз түрдө каралышы керек. Себеби министр Молдомуса Конгантиев Ысык-Көл-Бишкек жолун өзгөчө текшерүүгө коюп, өзү да бир нече ирээт карап чыккан. Күчөтүлгөн талап коюлган. Бул үчүн тиешелүү МАИ кызматкерлери жооп бериши керек.

Жайкы туристтик сезон башталганы Кыргызстанда жол кырысыктары өзгөчө көп катталат. ИИМдин билдиргеине карганда, соңку жылдары мындай ири кырсык катталган эмес. Жай айларында жол кырсыктары көп катталагандан уламбы, кечээ ички иштер минстир Молдомуса Конгантиевдин төрагалыгы астында жол кыймылынын коопсуздугунун абалын талкуулаган кеңешме өттү. М. Конгантиев чукул чакырылган кеңешмеде Ош, Жалалабат шаарларындагы борбордук көчөлөрдүн жээктеринде жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жайларда дүкөн, ашкана куруп, соода кылууга уруксаат берген шаар жетекчилигине, архитекторлорго нааразчылыгын билдирип, аларга каршы МАИ кызматкерлери чара көрбөй жатканын сынга алды.

Бишкек шаардык мамлекеттик автоинспекциясынын мурдагы башчысы Касымбек Райымкул уулу жол кырсыктарынын көбөйүп жатышынын негизги себептерин булардан көрөт:

- Бизге акыркы жылдары чет мамлекеттен көп автоунаалар келип жатат. Алар жогорку ылдамдыкта жүрө турган автоунаалар болуп эсептелет. Ага жараша биздин жолдор, аны айдаган айдоочуларга болгон мимиле өзгөрүш керек болчу. Башкача айтканда, алардан талапты катуу коюп, жолдорду да стандартка тиешелүү кылып оңдош керек болчу. Тилекке каршы бизде андай болбой жатат.

К. Райымкул уулу жол кырсыктарын алдын алуу үчүн жолдордо жол жүрүүнү башкарган бекеттерде видеотасмага тарта турган жабдууларды коюп, алар аркылуу көзөмөл жүргүзүү керек деп эсептейт. Ал өз учурунда мындай демилге көтөргөнүн да айтып өттү:

- Трассаларда, ири жолдордо көп кырсыктар болуп жатпайбы. Мисалы, Бишкек-Көл багытында же болбосо Бишкек-Чалдовар-Ош багытында кырсыктар көп катталып жатат. Ошол жолдорго да видеокөзөмөлдү уюштурууну сунуш кылгам. Ал көзөмөлдүн негизинде мамлекеттик автоинспекция кызматкерлеринин да кызматтары жеңилдемек..

Айрым байкоочулар МАИ кызматкерлери жол коопсуздугун көзөмөлгө алуу үчүн аталган тармакта чыныгы реформа керектигин айтышууда.
XS
SM
MD
LG