Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Кыргызстандын жарым жылдык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары өкмөттүн ишинде олуттуу мүчүлүштүктөр бардыгын ачыкка чыгарды. Дүйнөлүк каржы, энергетика, азык-түлүк каатчылыгынын салакасынан Кыргызстан экономикасы ушу тапта оор кыйынчылыкка кептелип, жагдайдан чыгуунун айкын жолун аткаруу бийлиги сунуш кыла албай олтурат. “Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунун катышуучулары экс-депутат, “Ак Шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев менен Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин департамент жетекчиси Кубанычбек Айдаралиев мына ушул теманын тегерегинде ой бөлүшөт.

Бекташ Шамшиев: Темир мырза, президент өзү түзгөн өкмөттүн ишине канааттанбаганын билдирди. Бул нааразылык өкмөттүн ишине ичи чыкпагандан эле чыгып калдыбы?

Темир Сариев: - Бул акыркы үч жылда жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын жыйынтыгы деп айтсак болот. Биз ал тууралуу парламентте отурганда айтып, кемчиликтерин көрсөтүп, анан эмне кылыш керектигин билдиргенбиз. Бирок ал учурда мындай сөздү көп адамдардын уккусу келген эмес. Айрыкча бийликте отургандар. Алар «4 –5 адам эле баарына тоскоолдук кылып жатат. Ошолорду жоготсок, парламенттен кетирсек эле баары жакшы, жайдары болуп кетет» деп ойлошчу.

Азыр болсо ахывалды көрүп жатабыз. Чынында эле абал оор, бул өзү мыйзамченемдүү көрүнүш. Анткени мамлекеттин экономикалык туруктуу саясаты жок. Ошонун кесепетинен биз чоң кризиске учурап отурабыз.

Бекташ Шамшиев: Кубанычбек мырза, президенттин Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине карата койгон кинеси: “экономикалык проблемаларды санап берүү менен эле чектелди, эч кандай талдоо болгон жок. Министрлик кыйынчылыктан чыгуунун көрсөткөн жок”, деп айтты. Министрлик фактыларды саноо менен элек чектелбестен, талдоого деле көңүл буруп жатабы?

Кубанычбек Айдаралиев: - Өкмөттүн жыйынында кеп болгон материалдар менен толук тааныш эмесмин. Бирок айтаарым, экономикалык министрликтин бирден бир максаты ошол талдоо жүргүзүп, экономикалык өнүгүү боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүү. Бул багытта биздин министрлик биртоп эле сунуштарды киргизип келатат. Анын ичинде тармактык экономиканы, аймактардын экономикасын өнүктүрүү боюнча, ошондой салыктарды жакшыртуу жана башка маселелер боюнча сунуштар киргизилип эле жатат.

Республикада эмгекке жарамдуу калктын 40% бош жүрөт. Эң арзан жумушчу күч бар. Ошол эле учурда элди иш менен камсыз кылуу боюнча шарттардын жоктугу, каржылык жагынан, башка жагынан чектелип калганыбыз биртоп кыйынчылыктарды туудуруyда.

Экономикалык өнүгүү үчүн баарыбыз, анын ичинде бардык министрликтер биргелешип аракет кылышы керек. Өлкөнүн экономикалык саясатынын өз алдынча мыйзамченемдүүлүгү бар. Качан гана жалпы эл биргелешип аракеттенгенде, бир максатты көздөсө, адам эмгеги так жана калыс бааланганда, анан да аны өкмөт туура багыттай алган учурда натыйжа болот. Мына туризм деп жатабыз. Анда өнүгүү бар, бирок чектелүү.

Бекташ Шамшиев: Темир мырза, президенттин өкмөт болгонду каттоо менен гана чектелет, экономикалык процессти талдоосу жок деген кинесинин чындыгы барбы?

Темир Сариев: - Бүгүнкү өкмөттүн жасап жаткан иштерине баа бере келсек, менин оюмча, анын азыркы ахывал кандайлыгы тууралуу так түшүнүгү жок. Ал эмне себептен болуп жатканын да билишпейт. Үчүнчүдөн, жагдайдан чыгуунун кандай жолдору, варианттары бар, кайсыл жолду, кайсы багытты тандап алышыбыз керек, кандай негизде өсүшүбүз керек, деген саясаты жок.

Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр абдан начар. Булар инфляция жыл аягына чейин 30% болот деп жымсалдап айтып жатышат. Бирок адистердин айтуусунда, инфляция 50% ашат. Бүгүнкү күндө баа күн сайын өсүп жатат. Ошол эле акча саны дагыле арбын бойдон калып жатат. Мамлекеттик бюджеттин аткарылышы арсар калууда.

Акча көбөйүп, инфляция күчөп кеткенде биринчи иретте мамлекеттик чыгашаларды кыскартуу керек эле. Буга кошумча артыкбаш акчаны базардан алуу, экономикадан чыгаруу зарыл. Өндүрүштү өнүктүрүү максаты коюшулу керек.

2008-жылдын бюджети бекитилип жатканда 7,3% өсүш болот дешкен. Мына алты айдын эсеби менен өздөрү 5,8 – 6% тегерегинде өсүш болгонун айтышууда. Экинчиси, бюджетте инфляция 12% деп бекитилген. Жарым жылдын ичинде ал 20% ашып кетти. Бул макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн чоң коңгуроосу. Ошол коңгуроону президент кагайын дедйт. Бирок өзүндө да, өкмөттө да эмне кылыш керектигин түшүнгөн жан жок.

Мына айыл чарбасы боюнча аким менен губернаторлор көзкөрүнөө эле көз боемочулук кылып жатышат. Дыйкандар гектиринен 6-7 центнерден, мыкты деген жерлерден 20 центнер эгин чаап алып атышканын айтышууда. А булap 28-30 центнер деп жазып жатышат. Жалал-Абатта болсо 35 центнер деп жазышууда. Ушундай ыргакта кетсек биз 1 миллион 300 миң тонна эгин жыйнап алабыз деп өткөндө премьер-министр айтып олтурат. Кайдагы 1 миллион 300 миң? Биз Советтер Союзу, ири чарбалар иштеп турган кезинде 700 миң эгин жыйначубуз. Ал убакта керектөө 800 миң тонна болчу. Жыйналганы 700 миң тонна болчу. 2008-жылы 300- 350 миң тонна эгин жыйнай алабыз. Биздин керектөөбүз 1 миллион 300 миң. Анткени элдин саны өстү. Калк саны 5 миллион 300 миң.

Турyктуy экономикалык саясаттын жоктугунан өндүрүш кыйрады. Четтен келген инвесторлорду айтпай эле коелу, кыргызстандык кыргыз атуулдарын иштетпей кууп жатабыз. Мүлктү бөлүштүрүү деген балээ токтолбой келатат. 2005-жылдын мартынан бери. Инвестицияны алып келүү, экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу мамлекеттик саясат болушу керек эле. Ал жок.

Өкмөттүн жыйынында айтылган көп жооптор канааттандырбайт. Мына, Энергетика министри кээ бир айылдарда электр жарыгы 24 саат бою өчүп турганын айтып жатат. Бул энергия берилбейт деген сөз да. Кээ бир райондордон 16-18 саат өчүрүлөт деп жатышат. Азыр абдан катуy чектөө коебуз деп жатышат.

Ошонун бир мисалын келтире кетейин. Өндүрүш жок, өндүрүштү өнүктүрүү керек деп кыйкырып жатабыз. Мына Токмокто айнек заводу бар. Жакында ошол заводдун директору менен жолугуп сүйлөшүп калсам, былтыркыдан 30% төмөн түшүп кеткенин айтты. Бул тенденция болуп турса өндүрүш көлөмү мындан да азаярын айтты. Анткени газ менен электр энергиясы үзгүлтүк менен берилип, заводго кыйын болуп жатат. Ишкана Токмок шаарынын бюджетинин 80% берет. Элдер келип “заводдун электрин өчүргүчө биздикин өчүргүлө” десе болбой, заводдун электрин өчүрүп койгондон үзгүлтүксүз иштей турган меши токтоп, айнектеринин баары агып калыптыр. Мына биздин мамлекеттин өндүрүшкө болгон мамилеси.

Бекташ Шамшиев: Кубанычбек мырза, бул жерде өкмөттүн өз алдынча экономикалык саясаты жок, деген сөз айтылып кетти. Ошондойбу?

Кубанычбек Айдаралиев: - Антип айткан, албетте, туура эмес. Саясат жакшыбы-жаманбы өкмөт иштеп, министрликтер иштеп жатпайбы. Экономикабыз өнүккөн менен кандайдыр бир жыйынтыкка жете албай жатканыбыз бул башка маселе. Аны моюнга алыш керек. Балким экономикалык министрликтердин кемчилиги бардыр. Таптакыр саясат жок дегенде таптакыр эле иш жок дегендей болуп жатпайбы.

Бекташ Шамшиев: Чын эле ошондойбу же иш болуп жатабы? Темир мырза айтыңызчы.

Темир Сариев: - Мен бир-эки сандык көрсөткүчтөргө токтоло кетйин. Мына республикалык бюджеттин киреше жагы 36 миллиард сом. Ошончо акча чогултулушу керек. Анын ичинде салыктан түшө турганы 29 миллиард. Бюджетте бекитилген бул санды адистер билишет. Ошол 29 миллиарддын 15 миллиард сому бул сырттан келген товарлардан алынчу кошумча салыктан түшөт. 1 миллиарды спирт ичимдиктеринен алынчу акциздик салык. Ошону менен 15 миллиард.

Бюджетке түшчү салыктардын жарымы сырттан келчү товарлардан алынат. Бул туура эмес экономикалык көрүнүш. Биз колдонуп жаткан товарлардын 70% сырттан алып келип жатабыз. Ошондон баалардын өсүшүнө сырткы-ички факторлор таасир көрсөтүүдө. Сырттан алып келчү товарларды кандай баада сатса ошондой баа менен сата алабыз. Төмөн кое албайбыз.

Экинчи фактор – ички өндүрүштүн, атаандаштыктын жоктугу. Ошол сырттан алып келе турган товарларды өзүбүз чыгарсак болот эле го. Алмадан баштап помидорго чейин биз Кытайдан ташып келебиз. Эмне үчүн аны өндүрө албайбыз? Анын баары мамлекеттик, өкмөттүк саясаттын жоктугунан болууда. Биз импортко көз каранды болуп калдык. Ошон үчүн экспорт менен импорттун айырмасы 3,5-4 эсе болуп кетип жатат. Эгер биз 1 миллиардга жакын долларлык товар чыгарсак 4 миллиард долларлык товарды ташып келебиз. Ушундай саясат, ушундай экономикалык түзүм болуп турганда ага таасир көрсөтүп, өзгөртө алабызбы?

Ушинтип олтуруп сырткы факторго толук көз каранды болуп калабыз Инфляция деген эмне? Ал элдин чөнтөгүндөгү акчаны мамлекеттин жеп коюшу. Мамлекет жеп коюп жатат. Инфляциялык салык кошулуп жатат. Экономика илиминде инфляция салыгы деген бар. Ал атайын киргизилбейт. Инфляция болуп баа өсүп кетип жатпайбы. Маселен, мугалим жыл башында, аягында деле 2000 сом айлык алат дейли. Бирок жыл башында ун 30 сом турса, жыл аягында 50 сом болуп калат. Ортодогу 20 сом инфляциялык салык деп эсептелет. Мынакей туруктуу экономикалык саясаттын жоктугу элдин күнүмдүк турмушуна кандай таасир көрсөтүп жатканы ушундан эле көрүнөт.

Бекташ Шамшиев: Кубанычбек мырза, инфляция деңгээли жарым жылда 15% ашып кетти. Айрым адистер ал 30% чыкканын айтышууда. Инфляция деңгээли жыл аягына чейин канчага көтөрүлүшү мүмкүн?

Кубанычбек Айдаралиев: - Инфляция жыл аягына чейин 25% жетет. Анан эми бул жерден айта кетчү нерсе, бизде 17 жылдан бери эле экспортко караганда импорт көп. Биз товарды кайдан алып атсак ошол өлкөнү багып жатабыз. Эгер экөө теңме-тең болгондо биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргоп турган болобуз. Темир мырза ички салыктар менен сырттан кирип жаткан товарлардан алынчу салыктардын ортосундагы айырманы айтып жатпайбы. Ал бар. Ички салыктарды чогултууну биз тиешелүү өлчөмгө жеткире албай жатабыз. Качан гана мамлекет өзүнүн ички салыктары менен жашай баштаганда ал эркин, көз каранды эмес болот. Азырынча импортко көз карандыбыз.

Бекташ Шамшиев: Темир мырза, өкмөттүн ишине канааттанбаган президент жакын арада өкмөттү кызматтан кетирип, жаңы өкмөт түзүшү мүмкүнбү?

Темир Сариев: - Өкмөттү кетирип, жаңысын алып келгенден менимче эч кандай пайда деле чыкпайт. Азыр шашылыш түрдө шашылыш чараларды көрүш керек. Инфляция менен күрөшүүнүн бир нече жолдору бар. Биринчиси, катуу акча-кредит саясатын жүргүзүү керек. Экинчи жолу ички өндүрүштү өнүктүрүп, дисбалансты жоюу керек. Үчүнчүсү кээ бир өлкөлөрдө боло келген, мисалы, Бразилия, Түркия, инфляцияны билип туруп эле аны көнүмүш катары кабылдап жашоо. Биз кайсы жолду тандаарыбызды өкмөт аныкташы абзел.

Анан дагы бир айтчу сөз. Мындай кыйын учурда өкмөт көпчүлүккө жакпаган кадамдарга деле барышы керек. Ал алгач кайсы бир адамдардын, кайсы бир чөйрөнүн мүмкүнчүлүгүн чектөөгө алып келет. Атүгүл анын арты чоң акцияларга айланып кетиши деле ыктымал. Муну жасаш үчүн мамлекеттин күчү, эрки жетиши керек. Экинчиден, элдин ага ишеними керек. Эгер ушул эки фактор болбосо кандайдыр бир иш-чараларды жасаш абдан кыйын болуп калат. Өкмөттү кетирип жаңысын алып келүүнүн эч кажаты жок. Себеп дегенде анын колу-буту байлануy, тушалып коюлган. Аны президенттик акимчилик камчы менен сабай берет. «Муну жаса, тигини жаса», дейт. Туруп жасайын десе колу-буту тушалуу. Бүгүнкү мамлекет түзүлүшү, бүгүнкү Конституция ушундай. Атаандаштык жок . Талашып-тартышмай жок. Азыр президент айткандай, баары тең бир чылбырда, бир тизгинде. Баарын тең президент дайындайт, президент башкарат. Жооп берчүлөрү башкалар.

Бекташ Шамшиев: Кубанычбек мырза, мына өкмөттүн пессимисттик сценарийи да жарабай калды. Мындан башка да өнүгүү боюнча сценарийиңер барбы?

Кубанычбек Айдаралиев: - Жалпы 53 иш чаранын 45 аткарылды. Сентябрга чейин өлкөнүн өнүгүү стратегиясын карап чыгып Экономикалык өнүгүү министрлиги өзүнүн болгон сунуштарын бардык министрликтер менен макулдашып туруп өкмөткө киргизет.

Бекташ Шамшиев: Рахмат! Ушуну менен талкуубузду аяктасак, сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм!
XS
SM
MD
LG