Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

Каражичтин Белград сотунун чечимине аппеляциялык арыз берүү мөөнөтү аяктады


Босниялык сербдердин мурдакы лидери Радован Каражичти Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп берүү жөнүндө Белграддын сотунун чечимине аппеляциялык арыз берүү мөөнөтү аяктады. Каражичтин жактоочусу аппеляциялык арызды жума күнү кечинде почта менен жиберүүгө үлгүрүп калганын «Политика» гезити жазып чыкты. Аппеляциялык арыз сотко түшкөндөн кийин үч күндүн ичинде каралууга тийиш. Көп жылдар бою аскер кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн босниялык сербдердин мурдагы лидери Каражич 21-июлда Белградда кармалган. Каражич геноцид жана башка аскер кылмыштарын жасаган деп айыпталып келатат.

XS
SM
MD
LG