Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Иранда жекшембиде 30 кылмышкер өлүм жазасына тартылды


«Афтаб» гезитинин маалыматына караганда, өлүм жазасына тартылгандар негизинен баңиги соодасы менен кармалгандар, киши өлтүргөндөр. Өлүм жазасы Жогорку Соттун чечиминен кийин ашыруу Тегерандагы Evin түрмөсүндө ишке ашырылды. Өткөн жылы Иранда 290 кылмышкер өлүм жазасына тартылган, өкүм көп учурда эл астында ишке ашырылган. Укук коргоо уюмдары өлүм жазасын ашкере көп колдонуп жатат деп Иранды сынга алып келатышат. Ирандын мыйзамдары боюнча тыңчылык, мамлекетке чыккынчылык, киши өлтүрүү, куралдуу кол салуу, гомосексуализм, жубайын чанып башка менен көнүлдөш болуу, зордуктоо, сойкулук, дин безерлик жана баңги соодасы үчүн өлүм жазасы каралган.

XS
SM
MD
LG