Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:53

Украинада Киев Орусунун чокунганынын 1020- жылдык мааракесине арналган салтанаттар өтүүдө


Бул окуяга байланыштуу Украинанын борбор шаарына Дүйнөлүк жана Константинополдук православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Варволомей биринчи жана Бүтүн Орусиянын православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Алексей экинчи, ошондой эле дүйнөдөгү 15 православия чиркөөсүнүн өкүлдөрү, көп миңдеген меймандар келди. Киев орусунун чокунган күнүн майрам катары расмий белгилөө жөнүндө Президент Виктор Ющенко Жарлык чыгарган. Жарлыкка ылайык Украина Киев орусунун чокунганын бүгүн 28-июлда биринчи жолу майрамдап жатат. Бул майрам Украинанын айрым чөйрөлөрүндөй эле Орусияны карабай эгемен чиркөө саясатын жүргүзүү жөнүндө маселе козголуп аткан чакта болуп жатат.

XS
SM
MD
LG