Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

07:15 Бүгүн “Де-факто” гезитинин баш редакторуна байланыштуу сот жараяны башталат


Бул тууралуу Чолпон Оозобекованын адвокаты Нина Зотова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, буга чейин райондук прокуратура бул ишти тергеп бүтүп Биринчи май райондук сотуна жолдогон. Айта кетүүчү нерсе, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Орозобековага “Билип туруп жалган маалымат таратты” деген айып боюнча өткөн айда кылмыш иши козгогон эле. Ага салык кызматындагы коррупциялык иштер боюнча Замира Молдоева аттуу келиндин бул гезитке жарыяланган кайрылуусу себеп болгон. Маалыматка караганда “Де-факто” гезитинин эмгек жамааты учурда эс алууда. 20-августа алардын жумушка чыгуусу күтүлүүдө. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG