Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:46

11:20 Сот “Де-Факто” гезитин дагы эки миллион сом айыпка жыкты


Мындай чечимди Биринчи май райондук соту Бишкек шаардык салык кызматынын башчысы Таалай Далбаевдин жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоевдин арызын караган иштин жыйынтыгында кабыл алганы бүгүн белгилүү болду. Сот бул ишти ушул айдын орто ченинде караган. Мындай чечим кабыл алынганын “Азаттыкка” бул ишти караган судья Кымбат Аркарова да тастыктап, бирок чечим күчүнө кире электиктен эч кандай комментарий бере албастыгын билдирди. Таалай Далбаев аталган гезитке жарыяланган салык кызматындагы коррупциялык иштер тууралуу Замира Молдоева аттуу аялдын кайрылуусу кадыр баркыма шек келтирди деп сотко кайрылган. Бул кайрылууда аты аталган Арстанбек Ногоев да ушундай эле негизде сотко арыз берген. Натыйжада сот алардын арызын канааттандырып, гезитти алардын ар бирине бир миллион сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова болсо бул иш анын жана гезит өкүлдөрүнүн катышуусуз болгонун, соттун мындай чечими тууралуу бүгүн гана укканын жана бул боюнча соттук жогорку инстанцияларга кайрылышаарын “Азаттыкка” билдирди. Аталган кайрылуудан улам Чолпон Орозобекованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча ишти Биринчи май райондук соту бүгүн карап баштамакчы.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG