Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:50

Муса Мураталиев, Москва Быйылкы жылдын жети айга жетпеген убак ичинде, Орусияда адам укугун коргоочу уюмдар алган тизме боюнча, улутуна, түсүнө карап жек көрүү айынан жүз жетимиштен көп кылмышка баруу болгон. Жыйынтыгында 80 киши мерт болуп эки жүзгө чукул киши жабыр тартышкан. Бул көрсөткүчтү былтыркы жылдын ушул маалына салыштыра келгенде алда канча көп. Андай кылмыш көбүнчө Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандан келишкен мигранттар үстүнөн болуп атканы айкын болду. Кылмыш көп жасалчу жерлер Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарлары, Московская, Свердловская жана Ульяновская областтары. Андай кылмыштардын басымдуу көпчүлүгү өлкө боюнча алганда 60 миңге чукул мүчөсү бар «скинхеддер» тарабынан болуп турары белгиленет.

Орусияда өңү-түсүнө карап киши өлтүрүү коомчулук үчүн коркунуч туудурган көрүнүш болуп калганын Маскөөлүк адам укугун коргоо боюнча бүйрөнүн жетекчиси Александр Брод айтат. Анын маалымдашынча, «өлкөдө азыркы тушта ондогон ашынган улутчул жаштар же «скинхеддер» тобу бар. Алар куралданышкан, алардын басмалары бар. Атайын лагерлерде алар ок атууга, кантип мушташууга машыктылылат».

Андай жолго түшкөн улутчул жаштар жалаң эле жарды-жалчынын тукуму эмес колунда барлар тукумдары да болору айкын болууда. Аларды чукул кылган маанай түсү бурууларды жек көрүп алар менен күрөшүү идеологиясы болуп атканын талдоочулар белгилешет.

Ошону менен катар бийликтин кийинки учурда мындай көрүнүш менен күрөшүн жандантканын талдоочулар белгилешет. Сотко берилген иш өкүм чыгарганга дейре жетип калды дешет. Маселен үстүдөгү, 2008-жылы улутчулдук маанайда кылмыш кылгандар арасынан жүздөн ашууну бери жагы 12 ары жагы 17 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылышкан. Ошого карабай, бийликтин улутчулдар жасап аткан ишкердиктен утулушта экенин адам укугун коргоочу Наталья Рыкова айтат. Улутчулдардын кулк мүнөзүн калыпка салып аткан үгүтчү куралдары эле бир далай дейт:

- Орусияда алардын ксенофобдук маанайды чагылдыруучу жүзгө чукул гезиттери, ксенофобдук адабиятты чыгарууга ылайыкташтырылган жети басмаканасы бар.

Талдоочулар пикиринче бул же тигил раса башкаларга үстөмдүк кылуу керек деген маанай бардык эле өлкөдө болуучу көрүнүш, ал тургай ал демократиялык жолдогу мамлекетте деле кездешет. Кептин баары андай маанайдын коомдо канчалык аз же көп болушунда. Киши кишини жек көргөн идеологияны жеңиш үчүн кезегинде АКШда башталган расизм менен күрөшүү же экинчи дүйнөлүк согуш аяктаганда, улутчулдук даамын таткандан соң Германияда жүргүзүлгөн күрөш деңгээлинде иш чаралар жасалууга тийиш. Азырынча Орусияда андай аракеттин бири жок дешет анализчилер.

Орусияда түсүнө карап киши жерүү айрыкча африкадан келип билим алып аткандарды катуу коркута тургандыгын ошол себептүү алар кандай гана орус уланды көрсө көздөрүнө «скинхед» көрүнүп калганын Орусиядагы чет элдик студенттер ассоциациасынын президенти Габриэл Кочора айтат:

- Акыры жүрүп биздин студенттер Маскөөдө көчө тепсеп, ээн-элкин басып жүрүү ылайыксыз экенин түшүнүштү.
XS
SM
MD
LG