Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

8:15 Ички иштер министри жол коопсуздугун сактоо кызматынын ишине канааттанган жок


Министр Молдомуса Конгантиев атайын өткөрүлгөн жыйында МАИ кызматкерлеринин жүрүш-турушунан тартып, өз ишин так аткара билбегендигине, ички иштер кызматынын Уставынан сабатсыздыгына чейин баса белгилеп, мунун баары жол кырсыгынын көбөйүшүнө өбөлгө болуп жаткандыгын айтты. ИИМ басма сөз кызматы маалымдагандай ал ошондой эле айрым кызматкерлерге спорт менен машыгып, “курсагыңарды жоготкула” деген буйругун берди. Мындан тышкары министр МАИ кызматкерлери көкүрөккө тагынчу атайын төшбелгилери жок иштеп жатышкандыгын, “жоголуп кеткен” деп эсептелген төш белгилер кээ бир канжолдордо кимдир-бирөөлөр үчүн иштеп, акча таап жаткандыгын белгилеген.
Молдомуса Конгантиев Уставды жана МАИ кызматынын талаптарын так аткарбаган кызматкерлер менен мындан ары сөз кыска болуп, катуу талаптар коюларын эскертти, деп кабарлады кечээ ИИМ маалымат кызматы.
Жарандык коом өкүлдөрү МАИ кызматындагы коррупциянын айынан жол кырсыгы көбөйүп бара жаткандыгын, министрлик эң алды менен коррупцияны тыюуга тийиштигин белгилешүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG