Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:32

ЗАМАН ТАРЫБАЙ ЭЛЕ АДАМ ТАРЫДЫБЫ?


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек “Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча 1000-жылдары Жер шарындагы киши саны - 275 млн. болсо, 1965-жылы -3,3 млрд.га, ал эми 2005-жылы -6,3 милрд.га жеткен. Мына ушуга байланыштуу “Эл кризиси” деген түшүнүк пайда болду. Бүгүн адамзат баласы үчүн эң коркунуч апкеле турган башкы балакет - бул Жер планетасында адам санынын көбөйүп баратышы деп коңгуроо кагып жатышат” деп жазды “МСН” гезити.

Тилекке каршы, Кыргызстан ошол Жер шарынын ичинде начар өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн катарына кирерин, Батыш Европа же башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырганда 2,5 - 3 эсе түшүм аз алынарын, өзгөчө эгемендикке ээ болгондон баштап Кыргызстан өзү өндүрбөй эле өзгө жактардан тамак ташып жан баккан өлкөгө айланып калганын, мамлекет башчысынын жакындагы жыйында биздин өлкөнү каптап келаткан кризиске байланыштуу кол алдындагыларга айткан сөздөрүн атка минерлер угар бекен, кеп ушунда деп белгиледи.

Ошол эле убакта жаратылыш газы үчүн Казакстанга 18,5 млн. доллар, Өзбекстанга 2,4 млн. доллар карыз Кыргызстандын мойнунда илинип турганын да кабарлады.

Ушул эле гезит буга чейин ММКларда тынбай жазылып келаткан, жалаң чоңдор “басып” алып, хансарай куруп жиберген Ататүрк паркын устукандоо тэ 99-жылы эле башталып, 2002-жылдан 2007- жылдарга чейин бул адамдарга 102 жер участогу бекер берилгенин, эми мына ушул парктагы мыйзамсыз салынган тамдардын тагдырын чечүүгө шаардын мурдагы мэри Д. Үсөнов анча шашылбай келсе, жаңы мэр Н. Түлеев чечкиндүү киришип, 2004-жылдагы Бишкекархитектурасынын шаардык кеңеш менен макулдашпай туруп өзүмбилемдик менен кабыл алган чечимин жокко чыгарганын, бул боюнча материалдар прокуратурага берилерин, азыркы күндө Бишкекархитектурага шаардын бардык парктарын текшерип чыгууга тапшырма тагылганын, анткени тушкелди кафе, ресторан же башка жайларды куруу менен алектенген ишкерлер эч кандай техникалык ураксаты жок эле куруп жатышканын кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити айрым жарандарга кайрылып өкмөттүн жыйынынан кийинки ойлорун сурамжылоого алды. Депутат Бегалы Наргозуев, экономика менен энергетикада кемчиликтер көптүгүн, айрыкча энергетика тармагындагы жоготуулар азайса эле Токтогул ГЭСиндеги токтун көлөмү көбөйгөнү турганын айтса, Бишкектик мугалим Айнура Бакиева, президенттин “электрди үнөмдөөдөн карапайым эл жабыр тартпашы керек, биринчи кезекте сауналар, көп кабаттуу котдеждер менен ак сарайларды өчүрүү керек! “ деген сөзү жакканын, экономист Жумакадыр Акенеев, быйыл тоют жок экендигин, ошондуктан базардагы малдын баасы -1-2,5 эсеге арзандаганын, буга чара көрүлбөсө малдын баары сатылып жок болорун, азыр казактар сатса, эртең нарындык, анан чүйлүк фермерлер сата баштарын, ошентип он жылдап туягын көбөйткөн малдан 1 жылда ажырап калуу кокунучу барын, президенттин жыл башында өүкмөттүн алдына койгон милдеттеринин бири да аткарылбаганын, баягы союз мезгилиндегидей студенттик отряддарды кайра түзүп, тоют камдоо маселесин чечсе болорун айтты. Ал эми кыргыз кыздарынын ичинен чыккан биринчи инженер-электрик Бурулбүбү Жумалы кызы, Токтогулдагы суунун көлөмү мынчалык төмөндөшүн биринчи көрүп жатышын, бул жерде коррупция жыттанып турганын, анан кабат-кабат хан сарайларды кургандардын акчасы кыштан кыйналбай чыкканга жетерин, ошондуктан ар кандай оюн-зоок, кумар жайлары менен кафе, ресторандарга электр энергиясын чектөө керектигин айтып жооп берген.

Гезит ошондой эле “Жолдон жоголгон майлар же “Мунайзаттын” муңдуу ырын ким угат?” деген макала жарыялады. Макалада Жалал-Абаддагы “Мунайзат” жабык акционердик коомунун башкы деректири Таабалды Каратаев бүгүнкү күндө Кыргызстандын да, Өзбекстандын да темир жолчулары менен ачык эле араздашып жатканын, анын акыркы кадамы өзбек президенти Ислам Каримовго ачык кат менен кайрылуу болорун, анткени Өзбекстан жөнөткөн цистерналардан май жоголуп келаткандыгын, мындай жоголгон майдын фактылары Омскиден жөнөтлгөн цистерналардан да учураганын, бул факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри К. Ташиевге, депутат У. Ормоновго, Кыргыз темир жолдун мурдагы башчысы, азыркы Бишкек мэри Н. Түлеевге, темир жолдун түштүк бөлүмүнүн башчысы Б. Юнусовго, ТИМ министри Э. Карабаевге, Башкы прокурор Э. Сатыбалдиевге, темир жол прокуратуралыгынын жетекчилигине, ж.б. тиешелүү уюмдарга эчен жолу кайрылганын, бирок ушуга дейре ийненин көзүндөй да майнап чыкпаганын баяндады.

Гезит дагы бир кайрылуу катты басты. Кат ээси Канчайым Стамова Бакай Ата районундагы Бердике уулу Нарикбай орто мектебинин мурдагы деректири. Ал ошол эле райондун билим берүү бөлүмүн башчысы Кенжалы Орозалиевдин мыйзамга да, педагогдук этикага, адамгерчиликке да сыйбаган жоруктарын, мугалимдерди опузалап, акча, кой аларын айтып арызданган. Стамованын катын жарыялаган гезит ушул материал басууга даярдалып жатканда Билим берүү жана илим министри И. Болжурова К.Орозалиевдин, К.Стамованы кызматтан бошотуу тууралу буйругун жокко чыгарганын, ал паракорлук маселесин тергөө органдары аягына чыгарарын билдирди.
XS
SM
MD
LG