Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

ЧЕТТЕН КЕЛГЕН ЖАРДАМДЫН ДАРЕГИ КАЙДА?


Бүгүн өкмөт башчы Игорь Чудиновдун төрагалыгы астында кредит куржуну боюнча жыйын өтүп, анда эл аралык донорлор менен бирдикте кредиттер кандай пайдаланып жаткандыгы жана алар кандай жыйынтык берип аткандыгы боюнча тыянак чыгарылды. Чет өлкөлүк донорлордон алынган кредиттер жалпы жонунан натыйжалуу пайдаланылып жана долбоорлордун аткарылышы канааттандырарлык деген чечим чыгарылганы менен, кээ бир министрликтердин долбоорлорду ишке ашырууда жана каражаттарды жумшоодо ишмердүүлүгү сынга алынды.

Аталган кредит портфели эл аралык донорлор менен биргелешип ушуну менен бешинчи ирет каралууда. Быйыл кредит куржуну боюнча баяндоо жүргүзүү милдетин өкмөт, тагыраак айтканда, Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлиги жана Каржы министрлиги алышкан.

Министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн жана эл аралык донорлордун катышуусу менен өткөн бүгүнкү жыйында өкмөт эл аралык каржы институттары тарабынан бөлүнгөн каражаттын эффективдүүлүгү, долбоорлорду ишке ашырууда кетирилген кемчиликтер жана кийинки кадамдар талкууланды. Эл аралык донорлор бөлүп берген кредиттер төрт тармакка - билим берүү, саламаттык сактоо, жол жана айыл чарба тармактарына бөлүнгөн. Мына ушул тармактар боюнча кредит куржуну кандай пайдалангандыгына, аткарылгандыгына өкмөт башчы төмөндөгүдөй баасын берди:

- Тобокелге салынган долбоорлор жокко эсе. Бирок ошону менен катар, долбоорлорду аткаруу мөөнөтүнө таасирин тийгизген көйгөйлөр бар. Маселен, долбоордун ишмердүүлүгүн координациялоо ведомстволор арасында начар жүргүзүлүүдө. Билим берүү тармагын алып карасак, окуучулардын сабаттуулугунун деңгээли буга чейин белгиленген максаттардан алыс болуп жатат. Жалпы республикалык тестирлөөдө туура жооптор 59 пайыздан 35,6 пайызга түшүп кетти. Ал эми долбоордо бул көрсөткүч 60 пайыз деп белгиленген эле.

Ушундай маанайда долбоорлор ойдогудай аткарылбай жаткандыгы боюнча дагы бир мисал келтирди. Игорь Чудиновдун айтымында, жолдорду оңдоодо кайсы бир жерде жыйынтык болуп жатканы менен жол коопсуздугу кооптонууну туудурган маселе болуп калды. 2007-жылы республикада жол кырсыкатырынын көрсөткүчү кескин өсүп кеткен.

- Жол коопсуздугун жакшыртуу максатында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жол коопсуздугу катчылыгын түзүүгө көмөк көрсөтүлгөн. Бирок ушул жагдайды алып караганда аталган мекеме проблеманы чечүүгө мүмкүнчүлүгү жетээри күмөн туудурууда.

Жогоруда белгиленген кемчиликтерди жок кылуу, долбоорлордун жемиштүү иштеши үчүн өлкөнүн 2006-2010-жылдарга өнүгүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизип, чечкиндүү кадамдар жасалышы керектигин Экономиканы өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров белгилеп өттү. Анын айтымында, саламаттык сактоо тармагына ири суммадагы кредиттер бөлүнүп жатканы менен кургак учук менен ооругандардын саны, эне менен баланын өлүм көрсөткүчтөрү жогору бойдон калууда.

Өз кезегинде чет элдик донорлордун өкүлдөрү кредит портфелинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эффективдүү жолдорду иштеп чыгуу зарылчылыгын айтышты. Кыргызстандын негизги деп саналган донорлорунун бири Дүйнөлүк банктын республика боюнча улук офицери Динара Жолдошеванын билдиргенине караганда, учурда өлкө энергетикалык каатчылкты, кышкыга даярдык кандай болот деп тынчсызданып турган кезде банк мазут сатып алууга, Бишкек ТЭЦине керектүү отун алууга каражат бөлүп берүү маселесин караштырып жатат.

Республиканын негизги донорлору деп эсептелген Азия өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банк, Немис өнүгүү банкы жана Ислам өнүгүү банктары тарабынан өлкөнүн экономикасына, социалдык тармагына жалпысынан 1,8 млрд доллар бөлүнгөн. Бул республика чет жактан алган жардамдын дээрлик 70 пайызын түзөт. Бирок кредит түрүндө болобу, гранттык негизде болобу, бөлүнгөн каражаттар дарексиз жумшалбай келгени да айтылып жүрөт.

Коомдук ишмер, мудагы премьер-министр Амангелди Муралиев донорлор берип жаткан каражаттар кандай пайдаланып жаткандыгы жарандык коом тарабынан көзөмөлгө алынмайынча, каражат дайынсыз болгону, долбоорлор жыйынтыксыз болоору турган иш деп эсептейт:

- Кредиттер кандай пайдаланып, ал кайсы тармакка жумшалып, канча кредит алынганын жарандык коомдон түзүлгөн топ көзөмөлгө алуусу керек. Айрым долбоорлор токтоп калып жатканы да белгилүү. Мисалы «Таза суу» долбоору эл үчүн абдан керек эле. Кредитти алгандан кийин өкмөт бардыгын талдап иш алып барышы керек.

XS
SM
MD
LG