Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Сербиянын башкалаасы Белграддын борборунда 15 миңден ашуун серб улутчулдарынын митинги уланууда


Алар босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичти колдоп чыгышты. Кабарларга ылайык, митинг учурунда анын катышуучулары менен полиция ортосунда кагылышуу орун алды. Болжол менен 80 адам топтон бөлүнүп, коомдук тартипти сактап турган полицияны көздөй таш ыргыта баштаган. Кагылышуу учурунда 46 адам жаракат алган, алардын жарымы полиция кызматкерлери экендиги кабарланууда. Митингди уюштурган Сербиянын радикал партиясы Радован Каражичти Гаагадагы эл аралык аскер кылмыш сотуна өткөрүп берүүгө каршы чыгып жатышат. 1992-95 –жылдардагы согуш учурунда босниялык сербдердин лидери болгон Радован Каражич геноцид деп бааланган эки окуянын артында турганы үчүн айыпталып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG