Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

Дүйнөлүк сооданы либералдаштыруу боюнча Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы натыйжасыз аяктады


Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары маалымдагандай, АКШ менен Индия айыл чарба тармагындагы продукциялардын баалары боюнча бир пикирге келе алган жок. Дүйнөлүк соода уюмунун өкүлдөрүнүн глобалдык жаңы соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрү 7 жылдан бери уланып келүүдө. Бирок өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр тил табыша албай жаткандыктан азырынча мындай сүйлөшүүлөр натыйжа алып келе элек. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр эркин соодадан пайда табуу максатын көздөйт. Бирок өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү азырынча буга даяр эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG