Бүгүн Премьер-министр Игорь Чудиновдун төрагалыгы менен мына ушул эл аралык маанилүү декларациянын 60 жылдыгын белгилөө боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйыны болот. Анда адам укуктары жаатында Кыргызстанда жүргүзүлуп жаткан иш-чараларга баа берилип, Декларациянын өлкө жарандарынын укуктарын коргоодо, демократияны өнүктүрүүдө тийгизген таасирин салмактоо үчүн кандай иш-чараларды өткөрүү керектиги аныкталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.(BD)