Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

ООГАНСТАН: МЕКТЕПТЕР КОЗГОЛОҢЧУЛАРДЫН БУТАСЫНА АЙЛАНДЫ


Амирбек Усманов, Прага Ооганстанда март айынан бери талип козголоңчулардын колунан жетимиштен ашуун мектеп окуучусу жана мугалим набыт болду. 62 мектеп өрттөлүп, 640 мектеп жабылды. Былтыр 635 мектеп өрттөлгөн же жабылган. 23-мартта окуу жылы башталганда 6,5 миллион бала мектепке барган. Алардын 35 проценти кыздар. Талип өкмөтү тушунда кыздардын окуусуна тыйуу салынып, эркек балдар медреселерге гана барышчу. Ооган бийликтери козголоңчулардын мектептерге чабуул койуусун токтотуу үчүн жергиликтүү элден жардам издөөдө.

Ооганстандын агартуу министрлигинин маалымдашынча, марта башталган жаңы окуу жылында 9 миңден ашуун мектепке 6,5 миллион бала барган. Өлкөдө окуу жылы 23-мартта ачылат. Бирок өткөн төрт айда козголоңчулардын чабуулунан 72 бала жана мугалим өлдү. Төрт айда талиптер 62 мектептин күлүн асманга сапырып, өрттөп кетишти. Балдардын өмүрүнө болгон коркунучтан улам Кандагар, Гелманд, Узурган, Пактия, Забул жана башка провинцияларда 640 мектеп жабылып, миңдеген балдар билим алалбай калды.

Талип өкмөтү тушунда кыйратылган жалпы билим берүүнү калыбына келтирүү Карзай башындагы Ооган өкмөтүнүн чоң ийгилиги саналат. 2001-жылы талиптер кулатылгандан бери борбордук өкмөттү алсыратууну көздөгөн адаватчы күчтөр үчүн мектептер жеңил бутага айланган. Агартуу министрлиги мектептерди коргоого жергиликтүү элди тартуу боюнча чоң өнөктүктү баштады, дейт орун басар министр Мухаммад Сыдык Патман:

- Биз элди кабардар кылуу боюнча чоң өнөктүк баштадык. Өткөн жылга караганда элдин активдүүлүгү өстү жана алар өз мектептерин коргой баштады. Биз жергиликтүү кеңештерди түздүк. Айрым аймактарда мектептерди кайра ачтык.

Патман мырзанын сөзүнчө, министрлик мектептерди коргоо үчүн айыл аксакалдарын, уруу башчыларды жана молдолор менен тыкыс иштешүүдө. Ал эми кеңештер жергиликтүү талиптерге мектепте эч кандай идеология жүргүзүлбөсүн түшүндүрүп, мектепке, балдарга, мугалимдерге кол салууну токтотууга аракет кылууда.

13 жаштагы Мазума Гелманд провинциясындагы Чанжир кыштагынан7 Ал биринчи жолу мектепке үч жыл мурда барган. Мектепти козголоңчулар жаптырып салгандан бери Мазума окубайт:

- Былтыр мен үчүнчү класста окуп жатканда биздин мектеп жабылып калды. Мектеп жакын арада ачылат деген үмүтүбүз бар. Биздин мектептин жабылып калганы мени аябай өкүндүрөт. Башка аймактарда мектептер ачылып жатканда, эмнеге биз жакта мектептер жабык турат? Биздин мектеп тез ачылышын каалайбыз.

Талип өкмөтү кыздардын мектепке баруусуна тыйуу салып, медреселерге эркек балдар гана барышчу. Азыр мектеп окуучуларынын 30 проценти кыздар.

Учурдагы катаал кырдаалга карабай Оогонстандын агартуу министрлигинде өлкөдөгү 39 провинциянын ар биринде 30дан жаңы мектеп куруу планы бар. Паншер провинциясынын бийликтери болсо жаңы мектеп курууга 1,6 миллион доллар бөлүп берүүгө макулдук берген. Бул акчага курулган мектептерде болочокто 12 миң бала билим алат.

XS
SM
MD
LG