Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

11:28 А.Молдокадыров: “Туристтик тармактын кошунун түзүү зарыл”


Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Айбек Молдокадыров мындай сунушту мейманкана ишкерлеринин ассоциациясын түзүүгө арналган жыйында билдирди. Анын айтымында, туристтик фирмалардын ишин бирдиктүү бир багытка буруу жана жөнгө салуу Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанытууга жана туристтик жайлардын мүмкүнчүлүктөрүн жабыла рекламалоого жакшы шарт түзөт. Агенттик өкүлүнүн баамында, бул жакын арада ишке аша турган аракет жана ал үчүн туроператорлор ар кандай жармаңке-көргөзмөлөргө катышканда жалпы Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү тууралуу натыйжалуу маалымат берүүгө аракет кылуулары зарыл. (BD)

XS
SM
MD
LG