Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

КАРАЖИЧ ГААГАГА ЖЕТКИРИЛДИ


Босниялык сербдердин мурдагы жолбашчысы Радован Каражич Гаага шаарына, Улуттар уюмунун трибуналына жеткирилди. Ал эл аралык соттун алдында алгач эртең чыгаары күтүлүүдө. Каражич трибуналга жөнөтүлөрдөн бир нече саат мурда Белградда анын камалышына каршылык билдирген серб улутчулдарынын демонстрациясы өттү. Бирок чогулгандардын саны күтүлгөндөгүдөн аз болду. Сербиянын Юстиция министрлиги Радован Каражичти мурдагы Югославия боюнча эл аралык кылмыш трибуналына өткөрүп берүүдө мыйзам талап кылган баардык шарттар сакталганын билдирди.

63 жаштагы Радован Каражичти, кабарларга караганда, Белградда ал кармалып турган атайын соттун имаратынан жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат төрткө жакын Сербиянын атайын мекемелеринин беткеп кийген кызматкерлери алып чыкты. Дароо эле айнеги караңгыланган жип автоунаасына салып, Белграддын аэропортунда күтүп турган учакка жеткиришти. Учак Нидерландиянын Ротердам шаарындагы аэропортко конуп, эл аралык трибуналдын андан 25 чакырым аралыкта жайгашкан түрмөсүнө да Каражичти автоунаа менен алып барышты.

Трибуналдын башкы прокурору Серж Браммерец Гаагадагы бүгүнкү маалымат жыйынында ал сот алдында алгач эртең чыгарын билдирди:

- Радован Каражич эми мурдагы Югославия боюнча эл аралык кылмыш тримбуналынын карамагында. 13 жыл боштондукта жүргөн соң ал Нидерландияга бүгүн эртең менен келди жана Улуттар уюмунун камак жайына берилди. Трибуналдын судьяларынын биринин алдында анын биринчи ирээт келүүсү эртең түштөн кийин болот.

Серж Браммерц ошондой эле Каражичтин акыры камалышынын мааниси чоң экенин белгиледи:

- Каражичтин камалышы бул күндү узактан бери күтүүгө мажбур болгон жабырлануучулар үчүн өтө маанилүү. Бул ошондой эле эл аралык сот адилетүүлүгү үчүн өтө маанилүү. Анткени согуш кылмышкерлери акыры камаларын, качкындар үчүн эч жерде башпаанек болбосун ачык көргөзүүдө. Ал эл аралык укукка ылайык өтө оор кылмыштары: геноцид, адамзатка жасаган кылмышы, аскерий кылмыштары үчүн айыпталган.

Босниялык сербдердин мурдагы жолбашчысы тиешеси бар делген окуялардын геноцид деп баалангандарынын бири - согуш учурунда Босниянын борбору Сараевонун дээрлик төрт жыл бою камалоого алынышы. Андан 12 миңден ашуун киши каза таап, 50 миңдейи жаракат алган. Экинчиси – 1995-жылы Сребреница шаарында 8 миңдей мусулмандын кырылышы.

Гаагадагы трибуналдын маалымат катчысы Нирме Желажичтин айтымында, алгачкы күнү Каражич камоо жайдын кадимки процедураларынан, анын ичинде медициналык кароодон өтүп, трибуналдын өкүлү тарабынан анын ыйгарым укуктары түшүндүрүлүп берилет.

Каражич 21-июлда кармалган соң аны эл аралык трибуналга өткөрүп берүү жөнүндөгү баштапкы чечимди Сербиянын аскерий кылмыштар боюнча соту кабыл алган. Каражичте мындай чечимди аппелицияга берүү укугу бар эле. Бул үчүн мыйзамда көргөзүлгөн акыркы мөөнөт өткөн жума күнү кечинде аяктаган болчу.

Каражичтин адвокаттарынын бири Светозар Вуяжич кабарчылар алдында бир нече ирээт ырастагандай, экстрадицияны созуу максатында алар арызды мыйзамда көргөзүлгөн мөөнөт аяктаардын жуп алдында алыскы почта бөлүмдөрүнүн бири аркылуу жиберишкен. Бирок бүгүн Каражичтин адвокаттар тобу эч кандай аппелициялык арыз жөнөтүлбөгөнүн моюнга алышты.

Серб мыйзамдары боюнча аппелициялык арыз соттун дарегине өз мөөнөтүндө түшпөгөн учурда Радован Каражичти трибуналга берүү жөнүндөгү соңку документти бекитүү өлкөнүн юстиция министри Снежана Малевичтин ыйгарым укугундагы маселе болчу. Юстиция министрлиги бүгүн бул иште талап кылынган баардык шарттар сакталганын жарыялады.

Каражич Гаага жөнөтүлөрдөн бир нече саат алдыда, кечээ кечинде Белградда серб улутчулардынын демонстрациясы өттү. Бирок 150 миң адам катышат деп күтүлгөн митингке, полициянын эсеби боюнча, 15 миңдей гана адам жыйналды. Демонстранттар улуттук ырларды ырдашып, алар "серб баатыры" деп эсептешкен Каражичтин сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү. Демонстранттар менен полиция ортосунда кагылышуу да орун алды.

Cүрөт www.eitb24.com интернет сайтынан алынды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG