Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

31-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1825-жылдын 31-июлунда Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштйн жетектеген экспедиция Кыргызстанга келген. 1876-жылдын 31-июлунда Чоң Алай жана Кичи Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары орус бийлигине моюн сунган.

Империялык бийлик тарабынан жабдылган Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштйн жетектеген экспедиция 1825-жылдын жай айында Кыргызстанга келген. Дарыгер Ф. К. Зибберштйндин «чөнтөк дептеринде» ушул жылдын 31-июлунда экспедиция Санташ ашуусуна чыккандыгы кабарланат. Саякатчы аймактын географиялык өзгөчөлүгүн, жаратылыш чөйрөнү, мындан кетчү соода жолдору туурасында кең-кесири кабар берет. Ф. К. Зибберштйндин кабарлоосуна ылайык, ушул эле күнү түнкү саат 11 чамасында кыргыздарга барымтага келген казактар орус аскерлерин көрүп качкандыгы маалымдалат.

Чоң Алай жана Кичи Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары орус бийлигине моюн сунгандыгын билдирип, өз өкүлдөрүн 1876-жылдын 31-июлунда Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевге жөнөтүшкөн. Генералдын жазганына караганда түздүк аймакта жашаган ичкиликтер ага мындай өтүнүч менен кайрылышкан эмес.

Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевдин аскери, Кызыл арт ашуусу аркылуу Кара көлгө качкан Абдылдабектин колунун аркасынан сая түшө кууган. 1876-жылдын 31-июлунда капитан Боголюбов таңкы саат 5те Кара көлгө келип, генерал-майор М.Д.Скобелев орун алган аймактан 65 чакырым алыстыкта орун алган. Орус аскерлери чар тарабын аска зоо тиреген жазы аймакта өргүүгө турушкан.

Флигель-адъютант, полковник Витгенштейн аскерлери менен 1876-жылдын 31-июлунда Кара көлгө келген. Орус аскерлери мындан бир сутка мурун өткөн Абдылдабектин жоокерлеринин изин табышкан. Колго түшкөн кыргыздардын көрсөтмөсүнө караганда Абылдабектин колу Кара көлдөн экиге бөлүнүп, биринчи топту-Суранчы, Ашыр молдо, Ботбектер баштап Алтеңди ашуусу аркылуу Каратегинге, Абдылдабек баштаган экинчи топ болсо Чоңсуу капчыгайы аркылуу качкан.

Кыргыз коомчулугу 2004-жылдын бу күнү оор жоготууга дуушар болду. Белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 31-июль күнү жарык дүйнө менен кош айтышты.

Ташкент шаарындагы 30-июль күнкү жардырууга байланыштуу Өзбекстан өлкөсү 2004-жылдын 31-июлунда кыргыз-өбек чекарасын жапты.

Бу күнү, 1914-жылы ажайып актер Луи де Фюнес, 1930-жылы клоун Олег Попов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG