Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

7:00 “Справедливость” коомдук уюмуна тиешелүү басылма сот жообуна тартылууда


Басылманын редактору жана укук коргоочулар муну сөз эркиндигине жасалган кысым катары эсептөөдө. Алар макалада ишкананын жетекчилигине жалаа жабуу жок, деп белгилешет.
Коомдук уюмдун “Укук –бардыгына” деп аталган ай сайын жарык көрүүчү маалыматтык басылмасын Кызылкыя шаарындагы “Түштүккыргызцементи” ишканасынын жетекчиси Ян Фишер сотко берген. Ал басылманын июнь айындагы санына жарыяланган “Жумуш канча турат же отсуз түтүн болбойт” деген макалада заводдун жетекчилигине “жалган жалаа жабылган” деп эсептеп, басылмадан 1 млн сом өндүрүп берүүнү жана анын редактору Абдымомун Мамыраимов менен макаланы жазган журналист Рамиль Гидиятуллинди кылмыш жообуна тартууну талап кылууда. 29-июлга белгиленген сот иши доогер тараптын келбегенине байланыштуу кийинкиге калтырылды.
“Справедливость” коомдук уюмунун “Укук –бардыгына” маалыматтык басылмасы 8000 нуска менен ай сайын кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жарык көрүп, Баткен, Жалалабат жана Ош облустарына бекер таркатылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG