Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

7:30 Жол коопсуздугу эрежелерин бузгандардын башында негизинен күч структурасынын жана сот системасынын кызматкерлери турушат


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай ИИМдин атайын тобу жакынкы күндөрү Ош облусунда рейд өткөрүп, анда жол эрежелери жана автомобиль айдоо талаптары жалаң милиция, аскер, прокуратура, сот, салык кызматынын жана чукул кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан бузулуп жаткандыгын ачыктаган. Мындай мыйзам бузуулардын ичинде унааны тиешелүү документтери жок айдоодон тартып, жасалма мамлекеттик номерлер менен, мас абалында жүрүүгө чейинки мыйзам бузуулар бар. Мындан тышкары айрым автоунаалар эч кандай документсиз, эч жерде катталбаган болуп чыккан, алардын арасында Орусиянын Москва шаарынан “уурдалган” деп издөө салынган “Тойота Лэнд-Крузер” автомашинасы да табылып, Ош ИИБнын короосуна киргизилген. Ал эми жол эрежелерин, аны менен кошо мыйзам бузган 20га чукул мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү чаралар көрүлүүдө, деп кабарлайт ИИМ басма сөз кызматы.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG