Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:02

Босниялык сербдердин мурдагы жолбашчысы Радован Каражич бүгүн Эл аралык соттун алдына биринчи ирээт чыгаары күтүлүүдө. Гаага шаарына ал кечээ эртең менен жеткирилген болчу. Каражич трибуналга жөнөтүлөөрдөн бир нече саат мурда Белградда анын камалышына каршылык билдирген серб улутчулдарынын демонстрациясы өткөн эле. Бирок чогулгандардын саны күтүлгөндөгүдөн кыйла аз болду. Сербиянын юстиция министрлиги Радован Каражичти мурдагы Югославия боюнча Эл аралык кылмыш трибуналына өткөрүп берүүдө мыйзам талап кылган бардык шарттар сакталганын билдирди.

Гаагадагы эл аралык трибуналдын басма сөз катчысы Нерма Желажичтин кечээ кабарчыларга айтканына караганда, 63 жаштагы Радован Каражич алгачкы күнү камоо жайдын кадимки процедураларынан, анын ичинде медициналык кароодон өтүп, трибуналдын өкүлү тарабынан анын ыйгарым укуктары түшүндүрүлүп берилмек. Ал эми сот алдында Каражич биринчи ирээт бүгүн чыгаарын Гаагадагы кечээги маалымат жыйынында трибуналдын башкы прокурору Серж Браммерец билдирди:

-Радован Каражич эми мурдагы Югославия боюнча Эл аралык кылмыш трибуналынын карамагында. 13 жыл боштондукта жүргөн соң ал Нидерландияга бүгүн эртең менен келди жана Улуттар уюмунун камак жайына берилди. Трибуналдын судьяларынын биринин алдында анын биринчи ирээт келүүсү эртең түштөн кийин болот.

Серж Браммерц ошондой эле Каражичтин акыры камалышынын мааниси өтө чоң экенин белгиледи:

-Каражичтин камалышы бул күндү узактан бери күтүүгө мажбур болгон жабырлануучулар үчүн өтө маанилүү. Бул ошондой эле Эл аралык сот адилетүүлүгү үчүн да өтө маанилүү. Анткени согуш кылмышкерлери акыры камалаарын, качкындар үчүн эч жерде башпаанек болбосун ачык көргөзүүдө. Ал эл аралык укукка ылайык өтө оор геноцид, адамзатка жасаган кылмышы, аскерий кылмыштары үчүн айыпталган.

Босниялык сербдердин мурдагы жолбашчысынын тиешеси бар делген окуялардын геноцид катары баалангандарынын бири - согуш учурунда Босниянын борбору Сараево шаарынын дээрлик төрт жыл бою камалоого алынышы эсептелет. Анда 12 миңден ашуун киши каза таап, 50 миңдейи жаракат алган. Экинчиси – 1995-жылы Сребреница шаарында 8 миңдей мусулмандын кырылышы.

Каражич 21-июлда кармалган соң аны эл аралык трибуналга өткөрүп берүү жөнүндөгү баштапкы чечимди Сербиянын аскерий кылмыштар боюнча соту кабыл алган. Каражичтин мындай чечимди аппелицияга берүү укугу бар эле. Бул үчүн мыйзамда көргөзүлгөн акыркы мөөнөт өткөн жума күнү кечинде аяктаган болчу.

Каражичтин адвокаттарынын бири Светозар Вуяжич кабарчылар алдында бир нече ирээт ырастагандай, экстрадицияны созуу максатында алар арызды мыйзамда көргөзүлгөн мөөнөт аяктаардын жуп алдында алыскы почта бөлүмдөрүнүн бири аркылуу жиберишкен. Бирок кечээ Каражичтин адвокаттар тобу тескерисинче эч кандай аппелициялык арыз жөнөтүлбөгөнүн моюнга алышты.

Серб мыйзамдары боюнча аппелициялык арыз соттун дарегине өз мөөнөтүндө түшпөгөн учурда Радован Каражичти трибуналга берүү жөнүндөгү соңку документти бекитүү өлкөнүн Адилет министри Снежана Малевичтин ыйгарым укугундагы маселе болчу. Аталган министрлик бүгүн бул иште талап кылынган баардык шарттар сакталганын жарыялады.

Каражич Гаагага жөнөтүлөөрдөн бир нече саат алдыда, Белградда серб улутчулардынын демонстрациясы өттү. Демонстранттар улуттук ырларды ырдашып, алар "серб баатыры" деп эсептешкен Каражичтин сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү.

Бирок аны уюштурган Радикалдык партия "президент Борис Тадичтин диктаторлугуна" каршы деп атаган демонстрацияга чогулгандардын саны күтүлгөндөгүдөн кыйла аз болду. Улутчулдар ага 150миңден 300 миңге чейин адам келет деп күтүшкөн. Полициянын эсебинде эң көп дегенде 15 миңдей киши топтолду. Муну айрым талдоочулар Сербияда улутчулдук кыймылга бир нече факторлордон улам кедерги кете баштаганына байланыштырышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG