Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Иранда кезектеги президенттик шайлоо 2009-жылы өтүшү керек. Эгер мурдагы президент, реформачыл маанайдагы саясатчы Мохаммед Хатами бул жолку шайлоого катышууну көздөсө, өлкөнүн Көзөмөл кеңеши анын талапкерлигин четке кагат. Бул тууралуу Тегеранда чыгуучу "Кейхан" гезити жазып чыкты.

"Кейхан" - Ирандагы эскичил чөйрөнүн таасирлүү басылмасы. Аталган гезит кокус мурдагы президент Мохаммед Хатами келерки жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну чечсе, олуттуу тоскоолдуктарга кабылары жөнүндө ушул дүйшөмбү күнү жазып чыкты.

Гезиттин редактору Хоссейин Шариятмадари өз макаласында белгилегендей, реформачыл Хатами кызматта турган кезиндеги айрым аракеттери, атап айтканда АКШга жана Европа өлкөлөрүнө расмий сапарларды жасоо менен ирандык диний лидерлерди кападар кылган. Эгер ал президенттикке ат салышууну чечсе, Көзөмөл кеңеши тарабынан дисквалификацияланат.

Көзөмөл кеңеш - 12 динаятчыдан турган, Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменеиге гана баш ийген орган. Ал башка маселелер менен катар парламенттик жана президенттик шайлоого катышууну көздөгөн талапкерлердин буга жарамдуулугун аныктайт.

Президенттик кызматта 1997-2005-жылдардын аралыгында эки мөөнөт иштеген Хатами шайлоого катышарын өзү азырынча айта элек. Анткен менен көпчүлүк аналитиктер Хатамини реформачылар лагеринин учурдагы президент Махмуд Ахмадинежадга же эскичил чөйрөнүн башка өкүлүнө атаандашы боло алчы талапкери катары карашат. Ирандык саясий талдоочу Расул Нафиси "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун перси кызматы – Фарда радиосуна буларды айтты:

- Менимче Хатами мырза президенттикке ат салышарына байланыштуу акыркы чечимге келе элек. Каршы тарап болсо ар түрдүү көз-караштарды билдирүү менен анын талапкер болбошуна жетишүүнү көздөөдө. Анткени Хатами өтө сезимтал инсан катары белгилүү жана кадыр–баркын сактоого жогору маани берет. Андыктан өз репутациясын тобокелчиликке салбайт.

Саясий аналитик Нафиси кошумчалагандай, көптөгөн ирандыктар Хатаминин сегиз жылдык башкаруусу "стабилдүүлүктүн, экономика оңолгонунун, коопсуздуктун" мезгили болгон, жашыраак жашаганбыз деп эсептешет.

Хатами ошондой эле басма сөзгө жана бейөкмөт уюмдарга көбүрөөк эркиндик бергени үчүн макталып жүрөт.

Ал эми Кошмо Штаттардагы Бенингтон колледжинин Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча профессору, кезинде Иран ислам республикасынын Улуттар уюмундагы биринчи элчиси болгон Мансур Фархангдын көз карашында, ирандыктар Хатаминин учурунда кайсыл бир деңгээлде жеке эркиндикти алганы менен Ирандагы жалпы кырдаал азыркыдагыдан көп деле айрымаланган эмес. Бирок сылык-сыпаа жүргөн мурдагы президент менен жүрүм-туруму орой азыркы президент айрымаланат:

- Эгер биз бул экөөсүн салыштырсак, албетте, Хатами көбүрөөк ылайыктуу жана тарбиясы мыкты. Анткен менен экономикага жарандык эркиндиктерге, аял укутарына келгенде алардын ортосунда олуттуу деле айырма жок.

Профессор Мансур Фраханг белгилегендей, Хатами шайлоого катышып, жеңишке жеткен учурда деле олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келип, социалдык, саясий реформаларды ишке ашыра албайт. Ошондой эле ал өлкөнүн диний лидери аятолла Али Хаманеи жана Көзөмөл кеңеши менен алдын ала макулдашпай туруп, талапкерлигин көрсөтөрү күмөндүү.

Ал эми тегерандык профессор Садех Зибакаламдын көз карашында, эгер Хатами шайлоого катышса, 2005-жылы азыркы президент Махмуд Ахмадинежадды колдогондор ал үчүн добуш бермек. Анткени Ахмадинежаддын саясатынан көпчүлүктүн көңүлү кайт болду. Ирандыктар өлкөдө инфлияциянын, жумушсуздуктун көрсөткүчтөрү өскөнүн, эл аралык изоляция күчөгөнүн Ахмадинежаддан көрүшөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG