Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

«ДОХА АЙЛАМПАСЫ» - АЙЛАМПАДАН ЧЫКПАЙ КАЛДЫ


Амирбек Усманов, Прага Дүйнөлүк сооданы либералдаштыруу боюнча жети жылга созулган эл аралык сүйлөшүү аягына чыкпай калды. Бул жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директору Паскал Лами 29-июлдун түнү Женевада билдирди. Сүйлөшүү бүтпөй калганы үчүн өнөр жайы өнүккөн жана өнүгүү жолундагы өлкөлөр бири-бирин күнөөлөштү. Эгер соода уюмуна мүчө 153 өлкө соодадагы чектөөлөрдү либерладаштыруу келишимине кол коюшса, өнүккөн өлкөлөрдүн базары өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн айыл-чарба товарларына ачылмак. Өнөр жай товарларынын баасы да арзандамак, дешет экономисттер.

Эл аралык соодадагы тоскоолдуктарды алып салуу боюнча 2001-жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүдө тараптар бир пикирге келе албай, «Доха айлампасы» деп аталган сүйлөшүү токтоду. Бул жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директору Паскаль Лама 29-июлдун түнүндө Женевада жарыя кылды:

- Бул жыйын кыйрады. Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлөрү ортодогу карама-каршылыктар боюнча жөн гана бир бүтүмгө келе алышкан жок.

Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө 153 өлкө бир мунасага келсе, Европа менен Түндүк Американын базары өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн айыл чарба азыктары үчүн кеңири ачылмак. Бул, адистердин айтышынча, Үчүнчү дүйнөнүн миллиондогон дыйкандарынын жардылыктан чыгуусуна өбөлгө болмок. Өнөр жай товарларынын баасы арзандап, жарды өлкөлөрдүн эли аларды сатып алууга мүмкүндүк аламак.

Сүйлөшүү токтогону үчүн тараптар бирин-бири жемелөөдө. Кытайдын өкмөттүк Синхуа агенттиги аты аталбаган өнүккөн өлкөлөрдү «кекирейген жана мурдунан алысты көрбөгөн жүрүм-туруму» үчүн күнөөлөдү. Кошмо Штаттарынын Соода палатасы Кытай жана Индияны өз дыйкандарын эпсиз коргоого алды деп сындап, «кубаттуу болуу чоң жоопкерчиликти талап кыларын» эске салды. Бул пикирди жапон өкмөтүнүн өкүлү да колдоду. Франциянын айыл чарба министри «ылдам кубаты артып бараткан өлкөлөрдү» сүйлөшүүнүн ойрон болушуна жооптуу деп чыкты.

Ал эми Индиянын соода министри Камал Нац тараптардын бир пикирге келе албай калганыны менен сүйлөшүү биротоло токтогон жок, «убактылуу тыныгуу алды» дейт.

Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директору Паскал Лами журналистер үчүн жасаган билдирүүсүндө эми сооданы либералдыштыруу боюнча келишимдин зарылдыгын уюмга мүчө өлкөлөр өздөрү чечиш керек деген пикирин айтты:

- Бизге тыныгып алуу үчүн бир аз убакыт бергиле. Азыр балким келечекке сереп салуу кыйындыр. Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлөрүнө бир бүтүмгө келүү үчүн тунук акыл керек.

Ошентип, сүйлөшүү бүтпөй калганы менен дүйнөлүк соода өнүгө берет жана ар бир өлкө эки жактуу келишимге басым жасайт дешет экономисттер. Бирок, алар өнүккөн жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн ички базарды коргоо саясаты тарифтердин өсүшүнө алып барат деп кооптонушат.

XS
SM
MD
LG