Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Муса Мураталиев, Москва Назранда 30-июль күнү Ингушетиянын Ички иштер министрлигинин алдында кубаттуу жардыруу болгону белгилүү болду. Кимдир бирөөлөр ичине жардыргыч зат коюп калтырып кеткен машине эртең мененки саат тогуздан беш мүнөт өткөндө жарылып, REGNUM агенттиги билдиргенге караганда, анын айынан эки милиционер мүрт кетип, экөө жарадар болушкан. Жардыруу ушунча катуу болгондуктан ал жердеги он бештей машине өрттөнүп, ИИМге чукул салынган тамдардын терезелери күбүлүп калган. Кийинки учурда Түндүк Кавказда абал барган сайын курчуп баратышын сырттан көз салуучулар улам айтышчу болгон.

Машиненин ичине койгон жардыргыч заттын өлчөмүн ИТАР-ТАСС «10 кадактай» деп жазса ИНТЕРФАКС: «50 кадактан көп» деп жазды. Ал эми ооруканага түшкөндөр саны бешөө экенин белгилешет.

Анын алдыңкы күнү, 29-июлда, Чеченстанда колуна курал алып согушуу үчүн аттанып чыккандар менен федералдык күчтүн атышуусу болуп ал жерден бир аскер окко учуп, үчөө жарадар болушкан.

Ошол эле шейшембинин түнү Дагстанда милиция жол тосчу эки бекетке кимдир бирөөлөр кол салып, атышуу чыгып кетип, бирок эч ким андан жабыр тарткан эмес. Анын алдыңкы күнү да, Махачкалада, жумурияттын уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү башкармасынын жетекчиси милициянын подполковниги Магомед-Хази Абудул-кадыровду кимдир бирөөлөр көпчүлүктү каратып туруп атып кеткен.

Шаршембиде болсо Орусиялык 400дөй
темир жол салчу аскерлер Абхазия жеринен чыгарыла баштаганы маалым болду. Ал армия үстүдө жылдын май айынын 31-күнү таанылбаган жумурият жерине киргизилгенде жерибизди басып кирди деп Тбилиси катуу чачылган. Ошол орусиялык темир жол аскерлери азыр, үч ай ичинде Очамчир менен Сухуми ортосундагы 50 чакырымдай темир жол менен 20 көпүрөөнү оңдоп болдук деп айтышкан.

Шаршембиде болсо Сарабуки кыштагынын жанынан грузин-осетиндик куралдуу кагылыш чыгып андан бир киши жарадар болгон. Ушундай жагдайдан улам саясий талдоочу Руслан Хутаев мындай дейт:

- Кийинки учурда Түндүк Кавказдагы бардык улуттук жумурияттар жерлеринде буга окшогон кармаштын деңгээли кыйла олуттуу боло башташы байкалат.

Жыйынтыктай айтканда Түндүк Кавказда абал, куду согуш учурундагы кезди эске салат. Human Rights Watch адам укугун коргоочу уюм мурунку айда жарыялаган докладында бул аймактагы жумурияттарда сот адилеттиги деген такыр жоголгон. Аны ал жердик кожоюндар өзүм билемдик бийлиги алмаштырып калган деп жазылган. Жагдайды Кремл бийлиги көрүп турса да көрмөксөнгө салат эмне дегенде андай режимдерди, баарыдан мурда Ингушетия президенти Мурат Зязиков менен Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун кылып атышкандарын колдобой кое албайт. Ошонун бири Ингушетия жетекчилигине оппозицияда турган Ingushetya.ru сайтын Маскөөдөгү Кунцеволук соттун чечими менен жабуу болду дешет.

Kavkazcenter.com жазганга караганда июлдун 20 жана 28 күнү Рамзан Кадыровго кол салуу болгон. Мурда андай маалыматты REGNUM агенттиги да таркатты эле, бирок Грозный бийлиги ырасмий түрдө аны жокко чыгарды.

Ушулардан улам анализчилер Түндүк Кавказ жумурияттарында террордук актыларды жазачулар ээн-элкин оюна келгенин жазаган абалга жетип калганын белгилешет.
XS
SM
MD
LG