Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек “Справедливость” укуктук борбордун “Право для всех” укуктук-маалымат басылмасынын баш редактору Абдырайим Мамараимов, алардын басылмасына Кызыл-Кыя цемент заводунун төрагасы Ян Фишердин доо арыз жолдогонун негизсиз деп эсептейт. Ал бул тууралуу кабарчыбыз менен болгон маегинде билдирди.

- Абдымомун мырза, Жалал-Абаттагы “Справедливость” укуктук борбордун “Право для всех” укутук-маалымат басылмасына чыккан “Иш канча турат, түтүнсүз от болбойбу?” аттуу макала боюнча Кызыл-Кыядагы “Түштүк кыргыз цемент” ишканасынын жетекчиси Ян Фишер, адамдык ар намысым менен ишкердик беделиме шек келтирди деп сотко бериптир. Фишер мырзанын доосу канчалык негиздүү?

- Негизинен айтканда укуктуу демократиялык делген мамлекетте сот аркылуу өз укугун коргоого аракет кылуу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш деп эсептейм. Бирок сотко берип, бир эмес эки арыз жаза койгонго да мыйзамдуу негиз болуш керек. Мисалы, менин оюмча мындай арыз бергенге негиз болгон жок. Анткени макалада конкреттүү бир адамды пара алды деп биз жазган эмеспиз, андай сөздөр жок. Андан сырткары макаланын акырында, “бирок жанагыдай иштер кантип жаралууда, кайдан алынууда, мүмкүн алардын авторлору автордун беделин кетирүүгө аракет кылып жаткандыр” деген сөздөр менен бүтөт. Ошол негизди алганда биз конкреттүү бирөөнү пара алган деп күнөөлөгөн жокпуз.

- Кечээ күнү ушул боюнча сот иши болмок эле. Эмне себептен кийинкиге жылдырылып калды?

- Бизге белгисиз болгон себептер менен доо арыз берген адам келбей койду. Мырза Ян Фишер өзү же анын өкүлү сотко келбей калгандыктан сот болбой калды.

- Соттон Ян Фишер мырзанын басылмадан 1 млн. сом өндүрүп берүү өтүнүчү азыркы мамлекеттик кызматтагылардын гезиттерди доого жыгуу аракетинин бир үзүмү эмеспи?

- Ошондой деп айтканга бизде негиз бар. Анткени, айтып өткөндөй мындай даражада гезиттин башкы редакторун, авторду кылмыш жооп керчилигине тартып, анан басылманы жаап салууну талап кылууга жана анын үстүнө миллион сом доо арыз бергенге негиз болгон эмес. Негиз болбой туруп журналисттерге карата ошондой доо арыз бергендигин басылмага карата басым жасоо катары баалаганга негиз бар.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG