Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:28

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз улуттук комиссиясынын башкы катчысы Жыпар Жекшеев “Хаят” мейманкансынын тосмосунун бузулгандыгына карата өз көз карашын билдирди. Анын айтымында, шаар жетекчилиги бул маселени башында эле оңдуу чечиши керек эле. Жекшеев шаардагы тарыхый-маданий эстеликтерге дагы астейдил мамиле кылынаарын кошумчалады.

- Жыпар мырза, Опера жана балет театрынын түндүк тарабында тургузулган белгилүү балерина Бүбүсайра Бейшеналиеванын эстелигин курчаган “Хаят” мейманканасынын тосмосу Бишкек мэриясы тарабынан алынып ташталбадыбы. Мына ушуга байланыштуу АКШнын элчилиги мейманкананын менчигине зыян келтирди жана мыйзамдарды көзгө илбеген кадамга барды деп шаар бийлигин айыптап Тышкы иштер министрлигине расмий кайрылуу кат жибериптир. АКШ элчилигинин мынчалык тынчсыздануусуна негиз барбы?

- Менин оюмча бул жерде иштин баары башынан эле туура эмес башталган. Себеби ар бир шаар мыйзамдаштырылган бир система менен өнүгүшү керек эле. Эмне салууга болот, эмнени салууга болбойт деген сыяктуу маселелер алдын-ала так аныкталышы керек. Мисалы ошол эле АКШда кээ бир шаарларда, мисалы Бостонду эле алып көрөлү, ал жерде ар бир үйдү салаарда, үйдүн долбоорун бекитерде мурда кайталанбаган жаңы долбоорду гана бекитишет. Бизде башында эле борбор калаабыз Бишкек шаарында шаар куруу боюнча мыйзамды одоно бузуп келишкен жана ошол бузуу дагы эле уланып атат. Ал жерде албетте Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелигин тургузгандан кийин, ал эстеликтин тегерегине темир тор орнотуп коюу туура эмес болгон. Ошол убакта маселени чечиш керек болчу. Анан булар унчукпай коет дагы, ал мейманкананын тегерегин темир тор менен курчап, ушунчалык катуу зонага айландырып койгондон кийин, азыр кайра аны өзүнүн эрки менен жаңы шаардын жетекчилери өзүнүн оюна келген ишти аткарып атышат. Негизи ал темир тор туура эмес деп ойлойм, шаарга көрк кошмок турсун, көркүн бузуп турат. Бирок ошонун башында эмне үчүн жетекчилик ошол маселени түп тамырынан оңдогон жок. Мына ушундай башаламандык орун алып келатат биздин шаарда.

- Деги эле Кыргызстанда маданий-тарыхый эстеликтер кандай сакталууда?

- Бул жагынан дагы биз абдан чоң аксап, чоң кемчилик кетирип атабыз. Шаарда өзүнүн мааниси бар тарыхый үйлөрдү, мисалы Терентьевдин чоң үйү азыр жаштардын театры деп аталганы менен анын кебетесин карап көрсөңөр эч бир оңдолгон эмес, өзүнүн көркүн бузуп, өзүнүн тегерегинде да башаламандык менен бир нерселерди салышып, бактарды кыйып салып эле ар ким өзүнүн оокатын кылып атышат. Ошондой көрүнүштөр көп. Анан эстеликтердин орду болбосо дагы бизде мода болуп кеткен ар кайсы жерге ар кандай эстеликтерди тургуза бергенбиз. Негизи бул маселени шаар түп-тамырынан принципиалдуу түрдө чече турган мезгил жетти деп ойлойм. Тарыхый баалуу эстеликтер, мейли республикалык мааниде болобу, мейли жергиликтүү мааниде болобу Бишкектин ичинде өтө эле көп. Бирок ошолорду тактай албай, аларга туура мамиле кыла албай келатабыз тилекке каршы.

- Жыпар мырза, Таластагы Манастын күмбөзүнүн жанындагы Кароол чокуну казуу таптакыр токтотулдубу же ал жерден казына издөө иштери кайрадан жүргүзүлөбү?

- Ал жерде казуу токтотулуп турат. Биз жергиликтүү элге ыразычылыгыбызды билдиришибиз керек. Таластыктар казып аткандарга каршылык көрсөтүп, алар токтотуп койгон. Бирок ошого баа бере элекпиз да. Ошого ким уруксат берди, кайсы чиновник тарабынан колдоо алышып, казууга киришти. Булардын баарын жоопко тарта турган бизде орган болбой атат.

- Сиз ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз улуттук комиссиясынын башкы катчысы болгондон кийин Сулайман тоону ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине кабыл алуу боюнча маселе козголду эле. Бул кандай жүрүп атат?.

- Бул маселе толугу менен чечиле элек. Сулайман тоо боюнча суроо эмдиги жылы Испанияда каралат, ошондо чекит коюлат го. Буга чейин Сулайман тоонун талапкерлиги бир неече ирет каралган, эми дагы бир кадам жакындады. Себеби президенттин Сулайман тоо указы чыкканы бизди абдан чоң колдоо болуп кетти. Ал эми чындыгында ЮНЕСКОнун мурастар борборуна эстеликтерди өткөрүүгө аракет кылышкан мамлекеттер аябай көп. Ал эми Сулайман тоо болсо жалгыз Кыргызстандан көрсөтүлгөн. Эми аны үмүт кылып туралы. Эмдиги жылы Испанияда чечилип, акыркы чекит коюла турган болуп калды.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG