Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

КАРАЖИЧ ЭЛ АРАЛЫК СОТТО ӨЗҮН ӨЗҮ КОРГОМОЙ БОЛДУ


Кубат Чекиров, Прага Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич 31-июлда Гаадагы эл аралык кылмыш сотунун алдына биринчи жолу чыкты. 1992-95-жылдары Боснияда болгон согушта Сараево шаарын 43 айга созулган камалоо учурунда, маалыматтарга караганда, 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница шаарында 1995-жылы 8 миңдей мусулман массалык түрдө кырылган. Радован Каражич өң-келбетин жана документтерин өзгөртүп, 13 жыл бою карматпай жүрүп жакында гана тутулган.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун судьясы Алфонс Орие Каражичке 1992-95 жылдардагы Боснияда болгон согуштагы аскердик кылмыштар боюнча он бир айыптоо коюлуп жатканын угузду.

-Айыптоо материалында босниялык сербдер Сребреница аймагында жана анын айлана тегерегинде 1995-жылы миңдеген адамдарды жок кылганы айтылат. Анын ичинде ошондой эле сербдер кармаган миңдеген мусулмандар өлтүрүлгөнү белгиленген,-деди судья Алфонс Орие.

Каражич өз кезегинде коргоочу алгандан баш тартып, өзүн өзү коргой турганын билдирди.

-Менин көрүнбөгөн коргоочум бар, мен өзүмдү өзүм коргоону чечтим,-деди Каражич.

1992-95-жылдары Боснияда болгон согушта Сараево шаарын 44 айга созулган камалоо учурунда 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница шаарында 1995-жылы 8 миңдей мусулман массалык түрдө кырылган. Каражич бул кылмыштуу аракеттердин жашыруун жетекчиси катары шектелип, геноцид жана адамзатка каршы кылмыштар боюнча он бир доого кабылууда.

Эл аралык кылмыш сотунун өкүлү Йелачичтин айтымында, Каражич коюлган айыптоолорго карата өз оюн отуз күн ичинде билдире алат:

-Аягында ал айыптоолор менен макул же макул эмес экенин билдирип өтүнүч билдиргенге мүмкүнчүлүгү болот. Ал муну 30 күнгө чейин созо турган мүмкүнчүлүгү бар. Судья анда келерки айдын аягында жаңы сот отурумун чакырат.

Коомчулук 13 жылдан бери качып жүргөн Каражичтин чыныгы өңү-башын көптөн бери биринчи жолу көрдү. 21-июлда адеп кармалгандан кийин маалымат каражаттары анын коюу сакал койгон, чачы узун элдик табып катары жашырынып качып жүргөндөгү кебетесин көрсөтүшкөн.

Гаагада Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичти соттогон судья Жеффри Найс "Азаттыктын" түштүк славян жана албан кызматтарына сүйлөгөн сөзүндө Каражичтин үстүнөн соттук териштирүү далайга созулат деп ойлоп жатканын айтты.

Югославиянын мурдагы президенти Милошевичтин үстүнөн сот дээрлик беш жылга созулуп, аягына чыга электе 2006-жылы мартта анын өзүнүн өлүмү менен аяктаган. Каражичтин иши дагы ушинтип создугуп кетиши мүмкүн, бирок трибунал мындай тактикага каршы чара көрүүгө ушул тапта кыйла даяр.

-Каражич соттук териштирүүнү сотко тийешеси жок ар кандай себептер менен создуктурууга умтулушу мүмкүн. Бирок соттор дагы азыр мындай учурларда ишти жалаң укуктук маселелердин өзөгүндө кармап кетүүгө аракет кылат, - деди Жеффри Найс.

Бул мурдагы судьянын "Азатыкка" айтымында, Каражичтин үстүнөн соттук териштирүү эмки жылдын башында аран башталышы мүмкүн, анткени ал өзүн коргоого даярданышы үчүн ага жетиштүү убакыт берилмекчи.

XS
SM
MD
LG