Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич сотто өзүн өзү коргомокчу


Бул тууралуу Каражич 31-июлда Гаагадагы эл аралык трибунал алдына биринчи жолу чыкканда билдирди. Эми 30 күн ичинде Каражич ага коюлуп жаткан кинелерди окуп чыгып, соттун «өзүн күнөөлүү деп эсептейби?» деген суроосуна жооп бериш керек. Радован Каражичке 90-жылдары Босниядагы согуш маалында геноцид жана башка кылмыштарга тиешеси бар деген айыптыр коюлууда. Кесиби боюнча психолог Каражич өң-келбетин жана документтерин өзгөртүп, дээрлик 13 жыл бою карматпай жүрүп, жакында гана камакка алынган.

XS
SM
MD
LG