Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 20:42

7:15 Энергетика кризисине байланыштуу орто мектептердин кышкы каникулу 1-мартка чейин созулушу ыктымал


Бул тууралуу кечээ болуп өткөн өкмөттүн жыйынында өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков билдирди. Анын айтуусунда электр энергиясын пайдалануу ченемин дагы 30% кыскартуу же 600 мегаВатт энергияны үнөмдөө зарылчылыгы турат. Мектептердеги кышкы каникулду жазга чейин узартуу менен мамлекет 150 мегаВатт электр энергиясын үнөмдөп калмакчы. Өкмөт башчы бул сунушту карап көрүүнү тиешелүү министрлерге тапшырды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG