Иран анын өзөктүк программасына байланышкан талаш-тартышты чечүү багыттында дүйнөнүн ири державаларынын сунуштар топтомуна жооп берүүсү үчүн акыркы мөөнөт белгиленүүсүнө макул эмес. Тышкы иштер министри Манучер Моттакинин бүгүн билдиргенине караганда, анын өлкөсү Еврошаркеттин жетекчилигинин өкүлү Хавьер Солананын сунуштарына буга чейин эле жооп берген. Ал сунуштар Ирандын уран байытуусуна байланышкан иштерди токтотууга багытталган эле.
Анткен менен АКШ Иран өзүнүн ачык жана так жообун ушул жуманын соңуна чейин бериши керек деп эсептейт жана муну орундабаса олутуу кесепеттер болорун эскертүүдө.
Анткен менен АКШ Иран өзүнүн ачык жана так жообун ушул жуманын соңуна чейин бериши керек деп эсептейт жана муну орундабаса олутуу кесепеттер болорун эскертүүдө.