Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Радован Каражич сот алдында алгачкы ирээт чыкты


Босниялык сербдердин мурдагы лидери бүгүн Гаагада Улуттар уюмунун аскерий кылмыштар боюнча трибуналынын судьясынын алдына алгачкы ирээт алынып келинди. Ал судьяга сотто өзүн -өзү коргоорун билдирди."Менин жашыруун укуктук кеңешчим бар, бирок өзүмдү өзүм коргоону чечтим",- деди Каражич. Ал ошондой эле камакка алынган учурунда мыйзам бузуулар орун алганын белгиледи.

Төрагалык кылган судья Альфонс Орие ага коюлган айыптарды угузду. Радован Каражич тергөөнүн ага каршы али даярдалып жаткан жаңы айыптоосун окууга убакыт зарылдыгына байланыштуу, аларга расмий мамилесин билдирүүгө азырынча даяр эмес экендигин айтты.

Каражич 1992-95 жылдары, Босниядагы согуш учурунда адамзатка каршы жасалган кылмыштарга, улуту серб эместерге карата жүргүзүлгөн геноцидге тиешеси бар деп айыпталып келүүдө.

Трибуналдын башкы прокурору Серж Браммерец Каражичке каршы жаңы айыптар даярдалып жатканын ырастады. Ал мурдараак бул комплекстүү сот жараянына даярдык үчүн бир нече ай талап кылынышы мүмкүн экенин билдирген.

Радован Каражич эми соттун алдында 29-августа келет. Ошондо ал өзүн күнөөлүү деп эсептээр-эсептебесин айтышы керек. Дээрлик 13 жыл боюу качып жүргөн Каражич өткөн аптада кармалып, Гаагадагы трибуналга 30-июлда эртең менен өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG