Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

11:06 Аксы районунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов билдирди. Анын айтымында, жер силкинүү бүгүн саат 07:30 ченде байкалган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, тагыраак айтканда Кербен айылынын түштүк-чыгыш тарабынан 15 км алыстыкта болду. Күчү 4 баллга жеткен жер силкинүүсү Кербен айылында, 3 баллга жеткен силкинүү Ташкөмүр шаарында жана күчү 2,5 баллга жеткен силкинүү Майлысуу шаарында да байкалган. К. Абдрахматовдун айтымында, учурда жер титирөө болгон жерде сейсмостанциялар орнотулуп, жер кыртышынын тең салмактуулугу изилденип жатат. “Ушул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча бул жерде жер титирөө 5 балл боюнча токтоп калабы же дагы күчтүү силкинүүлөрдүн болуу ыткымалдыгын аныктай алабыз”, дейт К. Абдархматов.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөдө кыйроолор жана курмандыктар болгон жок.(MSu)

XS
SM
MD
LG