Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

15:00 Кыргызстанда төрт кичи ГЭС курулат


Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун (ААК) башкы деректири Нурдин Кожогулов билдирди. Аталган ААК жыл башында “Нарынгидроэнергокурулушка” бул долбоордун башкы бөдрөтчүсү болуп берүүнү өтүнүп кайрылган. Натыйжада “Нарынгидроэнергокурулуш” макул болуп “Чакан ГЭС” менен келишим түзгөн. Н. Кожогулов кичи гидроэлектрстанциаларды куруу быйыл башталаарын жана алар өзүн 5-6-жылдын ичинде актаарын билдирди. Чакан ГЭСтер төрт обулустта - Жалалабатта Каракүл дарыясында, Ысыккөлдө Орто Токой суу сактагычында жана Ош менен Талас дубандарында курулаарын кошумчалады. Баш-аягы элүү миллион АКШ доллары деп бааланып жаткан бул долбоорду Чехия, Казакстан жана Кыргызстандын ишкерлери каржыламакчы. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG