Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

17:30 Каржы полициясы экономикалык кылмыштардын бетинин ачылышы боюнча маалымат берди


Каржы полициясы кызматынын төрага орун басары Таалайбек Абылгазиевдин билдиргенине караганда, акыркы жарым жыл ичинде мамлекетти чыгымга дуушар кылган 517 мыйзамсыз иш катталып, 151 млн сомдон ашык каражат мамлекеттин казынасына кайтарылды, республиканын аймагына аткезчилик жол менен алынып келинген 27 жарым млн сомго жакын товар алынды. Ал эми электр энергиясын, газды уурдаган жана насыяларды мыйзамсыз алган 200гө жакын факт катталды. Каржы полиция кызматы билдиргендей, учурда Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин мурунку жетекчиси И.Кадырбеков, экс-премьер-министр Н.Танаев, Миграция комитетинин мурдагы статс-катчысы М.Өмүракунов жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Э. Анапияев баштаган кызматкерлерге карата тергөө иштери жүрүп жатат. Ушул жылдын аперль айынан тартып президенттин жардыгы менен ИИМдин, УКМКнын жана Бажы кызматынын айрым милдеттери Каржы полициясына берилген.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG