Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

СОКУЛУК РАЙОНУНДА СУУ БӨЛҮШТӨН ЧАТАК ЧЫКТЫ


Элен Куленбекова, Эланора Бейшенбек кызы, Бишкек Сокулук районуна караштуу төрт айыл өкмөтүнүн дыйкандары бүгүн суунун жетишсиздигине байланыштуу нааразылыкка чыгышты. Камышановка, Жаңы Пахта, Жаңы Жер, Төмөнкү Чүй айыл өкмөттөрүнө караштуу Ат Башы каналынын алдында он үч миңдей гектар жер бар. Бул жердеги дыйкандарга суу кезек-кезеги менен берилип жаткан. Бирок Жаңы Пахта айыл өкмөтүнө келгенде суу көлөмү кескин азайып калган. Сокулук районунун суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Саадаковдун “Азаттыкка” маалымдашынча, каналда суу баштапкы көлөмүнөн 9 миң куб метрге чукул азайып, сексен пайызга төмөндөгөн. Адистер буга быйылкы жаан-чачындын аздыгы, күндүн ысыктыгы себеп болууда дешет.







XS
SM
MD
LG