Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

18:18 Жалал-Абат облусунун коллегиялык соту “Кыргызгазмунайзат” ишканасынын мурунку президентине байланыштуу доо арызды карап бүттү


Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун мурдагы баш директору Касым Исманов өзүнүн сөзүндө тергөөчү менен Ноокен райондук сотту кетирген кемчиликтери үчүн жоопко тартууну өтүндү. Ал ишканага зыян келтирбегендигин белгилеп, кызмат абалынан пайдаланган жана ишенип берилген мүлктү жок кылган деген айыптар мыйзамсыз коюлгандыгын айтты. Ал өз иш аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ишти токтотуп, өзүн актоону өтүндү. Мамлекеттик айыптоочу Исмановдун күнөөсү тергөөдө ырасталгандыктан, аны күчөтүлгөн тартипте 8 жылга эркинен ажыраткан Ноокен райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырууну сунуш кылды. Облустук соттук коллегия Исмановго Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесин колдонуп, эки жылдык сыноо мөөнөтү менен аны сот залынан эркиндикке чыгарды. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG