Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Президенттин жардыгы менен ушул жылдын апрель айында Ички иштер министрлиги, Улуттук Коопсуздук комитети жана Бажы кызматынан айрым милдеттерди алуу менен жаңы мекеме -Каржы полициясы түзүлгөн. Аталган мекеме азыр экономика тармагындагы кылмыштарга каршы күрөшкө катуу чыгып, мамлекеттин казынасына чыгымдарды кайтарып алууну башкы милдет катары көрүүдө. Бул аракеттин алгачкы жыйынтыгы кандай?

Каржы полициясынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Абылгазиевдин билдирүүсү боюнча, алты айдын ичинде мамлекетти 281 миллион 233 миң сомдук чыгымга кириптер кылган 1517 мыйзамсыз иш катталды. Андан казынага 151 миллион сомдон ашык каражат кайтарылып, Кыргызстандын аймагына аткезчилик менен алынып келинген 27.5 миллион сомго жакын товар алынды. Мындан тышкары электр энергиясын, газды уурдаган жана кредитти мыйзамсыз алган 200гө жакын факт такталган. Алардын арасында кызматтык кылмыштар да бар. Ал тууралуу Каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Турар Масыбаев мындай дейт:

- Каржы полициясы тарабынан 407 кылмыш иши козголду. Анын ичинен 71 иш кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген берене боюнча мамлекеттик кызматкерлерге каршы козголду. Анын ичинен 8 иш салык инспекциясынын жана 6 иш бажыкана кызматкерлерине каршы козголду. Калган 56 иш башка мамлекеттик мекемеде иштегендерге каршы козголду.

Каржы полициясы тарабынан экс-депутат, Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Ишенбай Кадырбеков, мурдагы премьер-министр Николай Танаев, Миграция жана калкты жайгаштыруу комитетинин мурдагы статс-катчысы Мухтар Өмүракунов жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Анапияев баштаган кызматкерлерге каршы кылмыш иши козголуп, азыр алар тергөөдө жүрүшөт. Тергөө бөлүмүнүн башчысы Турар Масыбаевдин айтымында, каржы полициясы экономикалык кылмыштар боюнча тергөөнү өз алдынча жүргүзө баштаганы мамлекетке келтирилген зыянды кайтарып алуу аракети натыйжалуу болуп калды:

-Мен каржы полиция кызматында көп жылдан бери иштеп келе жатам жана дайыма анализ жүргүзүп турабыз. Мисалы, 2005-жылга чейин мамлекетке жыл сайын кайтарылган акчанын суммасы 50 миллион сомдун тегерегинде болуп келген эле. 2005-жылы каржы полициясы өзүнчө бөлүнгөндөн тарта иш эффективдүү боло баштады. 2005-жылы бюджетке 120 миллион сом, 2006-жылы 139 миллион, былтыр 189 миллион сом түшкөн. Быйыл жарым жылда 140 миллион сомдон ашык нак акча түштү.

Анткен менен эл арасында каржы полициясы так жана калыс иш жүргүзүп жатат деген ишеним бекем эмес. Кызматтын бирден-бир башкы милдети - ар кандай ыксыз текшерүүлөрдөн ишкерлерди коргоп, алардын натыйжалуу жана өндүрүмдүү иштөөсү үчүн шарт түзүү. Бирок кызматтын ишине баа берүүдөн ишкерлер жаа бою качышат. Ага пикирин билүүгө биз кайрылган бир катар белгилүү ишкерлердин сүйлөөдөн баш тартканы жакшы мисал.

“Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова бул кызматтын мындай беделге ээ болуп бара жаткандыгынын бир себеби- экономикага олуттуу чыгымдарды алып келип жаткан тармактардагы иштерди иликтөөгө албай, кай бир адамдарды кылтакка илүүнү буйрук менен аткарып жаткандай түргө ээ боло баштаганы дейт:

-Мына мисалга алсак, мамлекеттин эң орчундуу деген энергетика тармагындагы мыйзамсыз иштерди ачып бере албай жатышат. Эмне себептен энергетикалык кризиске туш келдик? Аны кимдер жасап жатат? Суу ашыкча сарпталып, энергия коммерциялык баа менен сатылып жатат деген сөз кайдан чыгып жатат? деген суроону изилдейли деген аракет жок. Тескерисинче, бирөөлөргө керектүү болгон үчүн эле түзүлүп калган ишканадай болуп, бийликке же бирөөгө жакпай калган адамдарды буйрук менен кармап жаткандай болуп жатышат. Негизинен өздөрүнүн түздөн-түз функциясын аткара албай жатышат.

Каржы полициясынын төрагасынын орун басары Сатыбалды Калмурзаев мындай сынга макул эмес. Анын айтымында, кызматтын башкы милдети мамлекет тарткан чыгымды кайтаруу:

- Биздин максатыбыз кылмыш ишин козгоо эмес, мамлекеттин казынасын толтуруу. Ошон үчүн иш козголгон болсо да, мыйзам негизинде келтирилген чыгым ордуна коюлса ал иштер кыскартылып жатат.

Сүрөт: www.ru.kabar.kg интернет булагынан алынды
XS
SM
MD
LG