Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

Бүгүн Кыргызстанда 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күн Жогорку Кеңештин быйыл 18-апрелде кабыл алган токтомуна ылайык, биринчи жолу расмий түрдө белгиленип жатат. Эскерүү иш чарасы эртең менен Бишкектин борбордук аянтында башталып, андан ары Боом капчыгайында уланды. “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы болсо бүгүн бул окуянын тарыхый мааниси тууралуу талкуу уюштурду.

“Асаба” партиясы уюштурган “1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхый мааниси” аттуу талкууга тарыхчы окумуштуулар, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышып, бул окуянын чыгыш себептери жана анын тарыхтагы орду талкууга алынды. Бул окуя кыргыз элинин тарыхында кара тамга менен жазылган, өтө кайгылуу окуя - кыргын экени белгиленди. Тарыхчылардын айтымында, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш, ошондогу бүтүндөй Түркстан, азыркы Борбор Азия аймагын камтып, ага 10 миллиондой адам катышкан.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Жаныбек Жакыпбековдун айтымында, бул көтөрүлүш 4-июлда Тажикстандын Хожент шаарында башталып, ошол жылдын октябрь-ноябрь айларында кыргыз-кытай чегарасында орус империясынын жазалоочу аскерлери тарабынан басылган. Тарыхчы көтөрүлүш бүтүндөй Түркстанды камтыганы менен андан кыргыз эли көп запкы тартып, кыргынга учураганын белгилейт:

- Бул - падышалык Орусиянын колониялык саясатына каршы жалпы улуттук көтөрүлүш. Ошол кезде биринчи дүйнөлүк согуш жүрүп жаткан. Түркстандан тылдагы, фронттогу кара жумуш үчүн элдерди алып кетиши да, элдин козголуусуна себеп болгон. Жалпы Түркстандан көтөрүлүшкө 10 миллиондой эл катышып, ошолордун ичинен орус империясынын жазалоочу желдеттери менен кыргыз эли жан аябай кармашты, көп кыргынга учурап, көп азап тартты.

Канткен менен бул көтөрүлүштө кыргыздардан канча адам курман болгону тууралуу азырга чейин так маалымат жок. Болжолдуу маалыматтарга караганда, анда түндүк кыргыздарынын 200 миңдейи кыргынга кабылган. Ошол учурда жалпы кыргыз элинин саны болсо 600 миңдин тегерегинде болгон. Демек калктын үчтөн бир бөлүгү кырылган.

Кыргыз коомчулугунда бул окуяны Орусия геноцид катары баалап, расмий түрдө кечирим сурашы керектиги, а түгүл чыгымдарды төлөп бериши керектиги тууралуу пикирлер да буга чейин айтылып келген.

Үркүн курмандыктарын эскерүү күнүн белгилеген Жогорку Кеңештин быйылкы токтомунан соң болсо Орусиянын тышкы иштер министрлиги бул токтом эки өлкөнүн достук мамилесин салкындатат деп, ага нааразылык билдиргени кабарланган. Кыргыз парламенти болсо ага дароо жооп кылып, токтом эки элдин мамилесин эч кандай салкындатпастыгын, мындай билдирүү таң калууну жаратканын белгилеген.

Бугүнкү талкууда тарыхчы Турдубек Шейшеканов да орус тараптын мындай билдирүүсү туура эместигин, Орус империясы ошол 1916-жылы эле бул окуя боюнча күнөөсун мойнуна алганын тарыхый далилдер көрсөтүп турганын ачыктады. Анын айтымында, Орус империясынын ошол кездеги төртүнчү чакырылыштагы Думасы Түркстандагы боштондук көтөрүлүшүнүн чыгыш себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүп, аны ошол учурдагы белгилүү саясатчы Керенский жетектеген. Иликтөөнүн жыйынтыгында ал комиссия бул окуяларга орус бийлиги күнөөлүү деп тапканы тууралуу баяндама жасаган:

- Думанын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Керенский “бул окуя боюнча бардык күнөө кетирилгис, укумуштуудай мыйзамсыздыкка жол берген орус бийлигине ооп турат”, - деп айткан. Мына ушул бир сүйлөмү менен эле Керенский 1916-жылдагы окуянын келип чыгуу себептерине конкреттүү жооп берген.

Тарыхчы Турдубек Шейшеканов ушундай тарыхый далилди эске салды.

Жыйын соңунда “Асаба” партиясы бул окуя боюнча тарыхтагы ак тактарды толтуруу, жеткире изилдөө максатында илимий топ түзүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле Бишкекке, Боом капчыгайына үркүн курмандыктарына арналган, Балыкчы шаарынын кире беришине болсо жазуучу Касымалы Баялиновдун “Ажар” повестиндеги Ажардын образын чагылдырган эстелик орнотуу, улуттук боштондук көтөрүлүшү боюнча даректүү тасма тартуу зарылдыгы белгиленди.

Аталган партиянын ордо кенешинин мүчөсү Асан Ормушев талкуу максатына жетти деген ойдо:
- Бул окуя боюнча илимпоздордун жыйынтыктарынын, архивдик материалдардын, тарыхый далилдердин негизинде чындыкты айталы дегенбиз. Биздин талкуу бул жагынан алганда максатына жетти. Орусиянын ошол кездеги Думасында Керенскийдин жасаган доклады боюнча тарыхый маалыматтар буга эң чоң далил боло алат.

Жыйында ошондой эле бул күндү эскерүү боюнча парламент токтом кабыл алганына үч айдан ашуун убакыт болгонуна карабай, өкмөт тараптан тиешелүү деңгээлдеги иштер жасалбаганы да айтылды.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG